18.12.2019 "Антидепрессант" берүүсүндө Ажар Матрайимова конокто болду. Ал Студенттик кеңештин мүчөсү жана Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин студенти. Эфир учурунда Ажар Матрайимова алдыдагы иш-чаралар жөнүндө жана 19- декабрда боло турган "Тамашоу" боюнча сөз кылды. Ал: " Быйылкы "Тамашоуго" АУЦА, КУУ, КГЮА өңдөнгөн университеттер келип катышышат" - деп билдирди. Ректор кубогуна талапкерлердин күчтүү экендигин да кошумчалады. Мындан сырткары 20-декабрда " Manas awards 2019" иш-чарасы жөнүндө да бөлүштү. Бул иш-чарада "Жылдын келишимдүүсү", "Жылдын клубу", "Жылдын ырчысы" ж.б.у.с мыктылары аныкталаарын да айтып берди. Белгилей кетсек, эфириибиздин коногу Студенттик кеңештин мүчөсү Ажар Матрайимова болду. Ал- Инженерия факультетинин 1-курсунун студенти.
Маектешкен:
Айтумар Мурзали кызы.
Токтобүбү Эркинбек кызы
Нурайым Кудабаева
Жазган:
Нурайым Кудабаева
Вернуться назад
|