Бир көчөнүн балдары » MANAS TV
Bişkek www booked net
+10°C
FastDL story saver

Бир көчөнүн балдары

"Бул кечте" радио уктуруубузда "Бир көчөнүн балдары" аттуу күлкү тартуулоочу топтун мүчөсү Азиза Боронбаева конокто болду.



12/04/2019  "Бул кечте" радио уктуруубузда "Бир көчөнүн балдары" аттуу күлкү тартуулоочу топтун мүчөсү Азиза Боронбаева конокто болду.

Ал: "Бир көчөнүн балдары" аттуу топ бул элге күлкү тартуулоо максатында уюшулган, театрлаштырылган теледолбоор. Бул жаатта Эркин Эгембердиев, Болотбек Тилек ж.б таанымал актер, куудул адамдар дагы бар. Бул теледолбоорду жашы-кары дебей көрсө болот жана көңүлүнө төп келет деп ишенем анткени, бул долбоордо КВН, тамашоу, театрлаштырылган тамашалар дагы жок эмес. Азыркы күндө аябай эмгектенип, экинчи чыгарылышын тартканы жатабыз,-деди.
    Эфир учурунда күлүп жайнап угармандарга ыр ырдап, суроолорго позитивдүү жооп берип, ошол эле учурда кантип бул өнөрчүлүк менен алектенип калганын дагы айтып берди.

Белгилей кетсек, Азиза Боронбаева Кыргыз-Түрк Манас университетинин 4-курсу жана Медиа Манас радиосунда дагы иштеп кеткен.

Алып баруучулар: Аяна Мукашева, Илгиз Сейдиракманов, Аяна Эмилова.

Жазган. Илгиз Сейдиракманов

 

Бир көчөнүн балдары Бир көчөнүн балдары

Добавление комментария

или Войдите чтобы каждый раз не вводить данные.
Для того чтобы добавить новость, необходимо представиться