Главная > Новости "Медиа Манас" / Радиоподкаст > Бир көчөнүн балдары

Бир көчөнүн балдары


16 апреля, 14:14. Разместил: sharizat

12/04/2019  "Бул кечте" радио уктуруубузда "Бир көчөнүн балдары" аттуу күлкү тартуулоочу топтун мүчөсү Азиза Боронбаева конокто болду.

Ал: "Бир көчөнүн балдары" аттуу топ бул элге күлкү тартуулоо максатында уюшулган, театрлаштырылган теледолбоор. Бул жаатта Эркин Эгембердиев, Болотбек Тилек ж.б таанымал актер, куудул адамдар дагы бар. Бул теледолбоорду жашы-кары дебей көрсө болот жана көңүлүнө төп келет деп ишенем анткени, бул долбоордо КВН, тамашоу, театрлаштырылган тамашалар дагы жок эмес. Азыркы күндө аябай эмгектенип, экинчи чыгарылышын тартканы жатабыз,-деди.
    Эфир учурунда күлүп жайнап угармандарга ыр ырдап, суроолорго позитивдүү жооп берип, ошол эле учурда кантип бул өнөрчүлүк менен алектенип калганын дагы айтып берди.

Белгилей кетсек, Азиза Боронбаева Кыргыз-Түрк Манас университетинин 4-курсу жана Медиа Манас радиосунда дагы иштеп кеткен.

Алып баруучулар: Аяна Мукашева, Илгиз Сейдиракманов, Аяна Эмилова.

Жазган. Илгиз Сейдиракманов

 


Вернуться назад