Профессор Бейшебай Усубалиевдин филологиялык ишмердүүлүгүнө арналган илимий иш-чара » MANAS TV
Bişkek www booked net
+10°C
FastDL story saver

Профессор Бейшебай Усубалиевдин филологиялык ишмердүүлүгүнө арналган илимий иш-чара

Бүгүн, 27-Апрелде бүткүл дүйнөлүк китеп күнүнө карата профессор Бейшебай Усубалиевдин филологиялык ишмердүүлүгүнө арналган илимий иш-чара,  М. Кашгари-Барскани  атындагы Чыгыш университетинде  өттү.



Иш-чарада улуттук Илимдер академиясынан академиктер, университеттерден профессор- окутуучулар катышты. Бир катар окумуштуулар Бейшебай Усубалиевдин илимий чыгармачылыгынын баяндамаларды окушту. “Кийинки учурдагы адабиятта жаңылык барбы, тил илиминде өнүгүү барбы, ага Усубалиев кандай салым кошо алды деген суроолорго адабий сынчылар, публицисттер, жазуучулар жаңы нерселерге жол ача турчу өз ойлорун айтып, ортого салды деп ойлойм. Ал эми адабий чыгамачылыгымда болсо жарыялана элек айрым аңгеме, чыгармаларым жарыкка чыкты. “Жомок” деген повестим жарык көрдү. Пландарым көп, көркөм чыгармачылыкка көңүл бурсамбы деп турам, ушу менин санаамды санга бөлүп жатат. Бирок илимий иштеримди да калтырбайм экөөнү бирдей алып кетем”,- деди илимий иш-чаранын күнөөкөрү,профессор, жазуучу Бейшебай Усубалиев.

Саткынай Алымбаева

Профессор Бейшебай Усубалиевдин филологиялык ишмердүүлүгүнө арналган илимий иш-чара Профессор Бейшебай Усубалиевдин филологиялык ишмердүүлүгүнө арналган илимий иш-чара Профессор Бейшебай Усубалиевдин филологиялык ишмердүүлүгүнө арналган илимий иш-чара Профессор Бейшебай Усубалиевдин филологиялык ишмердүүлүгүнө арналган илимий иш-чара

Добавление комментария

или Войдите чтобы каждый раз не вводить данные.
Для того чтобы добавить новость, необходимо представиться