Главная > Новости "Медиа Манас" > Профессор Бейшебай Усубалиевдин филологиялык ишмердүүлүгүнө арналган илимий иш-чара

Профессор Бейшебай Усубалиевдин филологиялык ишмердүүлүгүнө арналган илимий иш-чара


27 апреля, 16:55. Разместил: aynagul

Иш-чарада улуттук Илимдер академиясынан академиктер, университеттерден профессор- окутуучулар катышты. Бир катар окумуштуулар Бейшебай Усубалиевдин илимий чыгармачылыгынын баяндамаларды окушту. “Кийинки учурдагы адабиятта жаңылык барбы, тил илиминде өнүгүү барбы, ага Усубалиев кандай салым кошо алды деген суроолорго адабий сынчылар, публицисттер, жазуучулар жаңы нерселерге жол ача турчу өз ойлорун айтып, ортого салды деп ойлойм. Ал эми адабий чыгамачылыгымда болсо жарыялана элек айрым аңгеме, чыгармаларым жарыкка чыкты. “Жомок” деген повестим жарык көрдү. Пландарым көп, көркөм чыгармачылыкка көңүл бурсамбы деп турам, ушу менин санаамды санга бөлүп жатат. Бирок илимий иштеримди да калтырбайм экөөнү бирдей алып кетем”,- деди илимий иш-чаранын күнөөкөрү,профессор, жазуучу Бейшебай Усубалиев.

Саткынай Алымбаева


Вернуться назад