Бүгүн, 31- Мартта, өткөн жылдагы жана акыркы 5 жыл ичиндеги Улуттук Илимдер Академиясынын илимий иштеринин жыйынтыгы чыгарылды жана бир катар илимпоздорго сыйлыктар тапшырылды.
2017-жылдын И.К. Ахунбаев атындагы академиялык сыйлыгы илимди өркүндөтүүдө жана жайылтуда кошкон олуттуу салымы үчүн төмөнкү илимпоздорго ыйгарылды:
- “Ич көңдөйүнүн жана кичи ойдуңдун айкалышкан ооруларын хирургиялык дарылоо боюнча эмгектерн топтому” атуу илимий эмгеги үчүн Бейшеналиев Алымкадыр, Саткеева Айтбуу , Ниязбеков Кубат сыйланды.
- “Птеригиум дартынын хирургиясы жана профилактиксы боюнча актуалдык суроолор” иш цикли үчүн Медведев Михаил, Мамытова Бактыгул, Тургунбаев Нурлан сыйланды.
Улуттук илимдер академиясында 2016-жылы ойлоп табуу ишмердиги жакшырып, патент алуулардын саны өскөндүгү айтылды. 2015-жылы жасалган эмгектери эмгектерге 35 патент алынса, алардын саны 2016-жылы 42ге жеткен. Чет өлкөгө жарыяланган эмгектердин санынын салыштырма 2012-жылы 398 болсо, 2016-жылы 521 болгон.
Жыйындын жүрүшүндө Улуттук Илимдер Академиясынын президенти Абдыганы Эркебаев кызматтан кетүү тууралуу арыз жазгандыгын айтты.
Саткынай Алымбаева
Айзада Кудайбергенова