Инженерия факультетинин студенттери менен маектешүү жыйыны » MANAS TV
Bişkek www booked net
+10°C
FastDL story saver

Инженерия факультетинин студенттери менен маектешүү жыйыны

Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин ректораты кезектеги студенттер менен жолугушуу жана маектешүү жыйынын Инженерия факультетинин студенттери менен ишке ашырды



Үстүбүздөгү жылдын 29-мартында Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин студенттик иштер боюнча башкармалык тарабынан уюштурулган, ректораттын кезектеги студенттер менен жолугушуу жана маектешүү жыйыны Инженерия факультетинин студенттери менен ишке ашырылды. Аталган жыйынга окуу жайдын ректору, профессор Себахаттин Балжы, проректору, профессор Анвар Мокеев, университеттин окутуучулар жамааты жана студенттер катышты.
Маектешүү жыйынында окуу жайдын ректору Себахаттин Балжы: “Адамзат индустрия дооруна келгенге чейин аңчылык, андан соң мал чарбачылык жана дыйканчылык менен алектенди. Бирок акыркы мезгилге чейин мынчалык чоң өзгөрүү процессине кабылган эмес. Шотландиялк окумуштуу Джеймс Уотт буу менен иштеген машина ойлоп табуусу менен индустрия доору башталып, чоң-чоң өзгөрүүлөргө эшик ачылды. Ал мезгилге чейин адам колу менен аткарылган иштер автоматташтырылып, адамзаттын жаратылышка болгон кийлигишүүсү күч алды. Булардын ишке ашуусу бүтүндөй 250 жылды алды. Буларды силерге айтып жатканымдын себеби, коом индустрия жана инженерлер болбой өзгөрбөйт”,-деп, “Азыркы учурга чейин төрт индустрия доорун башабыздан өткөрдүк. Азыркы учур төртүнчү индустрия дооруболуп эсептелет. Электр жабдыктарынан санариптик жабдыктарга өттүк. Натыйжада, адам баласынын иши дагы да жеңилдеди. 1990-жылга чейин сүргөн үчүнчү индустрия доору интернеттин пайда болуусу менен төртүнчү индустрия дооруна өттү жана бардык нерсе автоматтык системага айланып баштады. Бул бир жагынан алганда адам эркинен тышкары процесс болуп саналат, экинчи жактан болсо бардык нерселер интернет аркылуу ишке ашуу мүмкүнчүлүгү түзүлдү жана жасалма нерселерди өндүрүү күч алды. Башкача айтканда азыркы учурда робот жасоо мүмкунчүлүгүн артка таштаган техникалар ойлонуп табыла баштады. Муну биз 4.0 индустрия революциясы деп атасак болот”,-деп сөзүн улады. Агайдын айтуусу боюнча азыркы учурда төртүнчү индустрия доорунун талаптарына жооп берерлик мүмкүнчүлүгүнө жетише элекпиз жана дүйнө барган сайын бул процесске жетишүү үчүн күчтүү атаандашдык жаратууда. Андыктан келечектин инженерлери катары студенттер, азыркы учурдун талаптарына жооп берүүгө, өздөрүн өнүктүрүүгө жана алдыга озууга умтулуулары керек. Муну менен катар коом ичинде маселе чыгарган эмес, аны чечүүгө аракет кылган адам болууга аракет кылуу башкы талаптардын бири.
Окуу жайдын проректору, профессор Анвар Мокеев болсо, Борбордук Азияда Манас университетинин шартында эч бир университет жок экенин айтып, өзгөчө инженерия факультетинин студенттеринин мындай шарттардан пайдалануусу зарыл экенин белгиледи. Анткени атаандаштыкты жеңүү, ийгиликке жетүү үчүн талыкпай эмгектенүү жана убакытты, мүмкүнчүлүктөрдү туура пайдалануу керек.
Андан соң маектешүү жыйыны студенттердин суроо-жооптору менен жыйынтыкталды.

Инженерия факультетинин студенттери менен маектешүү жыйыны Инженерия факультетинин студенттери менен маектешүү жыйыны Инженерия факультетинин студенттери менен маектешүү жыйыны Инженерия факультетинин студенттери менен маектешүү жыйыны Инженерия факультетинин студенттери менен маектешүү жыйыны Инженерия факультетинин студенттери менен маектешүү жыйыны

Добавление комментария

или Войдите чтобы каждый раз не вводить данные.
Для того чтобы добавить новость, необходимо представиться