Enactus Kyrgystan коомдук бирикмесинин мүдүрү Гүлбарчын Сүйүнова конокто болу
28-ноябрда “Манас” радиосуна “Жаңы күн” программасына Enactus Kyrgystan коомдук бирикмесинин мүдүрү Гүлбарчын Сүйүнова конокто болуп, “Табышкер” бизнес-долбоор жазуу конкурсу тууралуу маек куруп берди.
Анын айтымында, азыркы жаштардын ой-жүгүртүүсү жакшы жана алардан көптөгөн бизнес-идеялар чыгат.
“Учурдун жаштарынан жакшы бизнес-идеялар чыгат. “Табышкердин” негизги максаты-жаштарга бизнес ачууга жана өнүктүрүүгө жардам берүү”,- деди ал.
“Табышкер” конкурсуна катышуу үчүн анкеталар 28-ноябрда аяктап, финалга өткөндөр 1-декабрда белгилүү болот. Жеңүүчүлөргө сыйлыктар 11-декабрда тапшырылат.
“Жеңүүчүлөргө бизнесин ачуу үчүн акчалай каражаттар тапшырылат. Мындан тышкары, катышуучулардын “бизнес өкүл ата” табууга да мүмкүнчүлүктөрү бар”,-деп кошумчалап өттү.
Enactus Kyrgystan коомдук бирикмеси 20 жылдан шуун убакыттан бери иштеп, Кыргызстанда бизнес жаатын өнүктүрүүгө өз салымын кошуп келет.
Жазган: Кенешова Гулзира