Главная > Новости "Медиа Манас" > “Табышкер”- бизнес-долбоор жазуу конкурсу

“Табышкер”- бизнес-долбоор жазуу конкурсу


30 ноября, 09:29. Разместил: sharizat

28-ноябрда “Манас” радиосуна “Жаңы күн” программасына  Enactus Kyrgystan коомдук бирикмесинин мүдүрү Гүлбарчын Сүйүнова конокто болуп, “Табышкер” бизнес-долбоор жазуу конкурсу тууралуу маек куруп берди. 

Анын айтымында, азыркы жаштардын ой-жүгүртүүсү жакшы жана алардан көптөгөн бизнес-идеялар чыгат.

“Учурдун жаштарынан жакшы бизнес-идеялар чыгат. “Табышкердин” негизги максаты-жаштарга бизнес ачууга жана өнүктүрүүгө жардам берүү”,- деди ал.

“Табышкер” конкурсуна катышуу үчүн анкеталар 28-ноябрда аяктап, финалга өткөндөр 1-декабрда белгилүү болот. Жеңүүчүлөргө сыйлыктар 11-декабрда тапшырылат.

“Жеңүүчүлөргө бизнесин ачуу үчүн акчалай каражаттар тапшырылат. Мындан тышкары, катышуучулардын “бизнес өкүл ата” табууга да мүмкүнчүлүктөрү бар”,-деп кошумчалап өттү.

Enactus Kyrgystan коомдук бирикмеси 20 жылдан шуун убакыттан бери иштеп, Кыргызстанда бизнес жаатын өнүктүрүүгө өз салымын кошуп келет.

 

Жазган: Кенешова Гулзира


Вернуться назад