ТЕЛЕКӨРСӨТҮҮ МҮДҮРЛҮГҮ » MANAS TV
Bişkek www booked net
+10°C
FastDL story saver

ТЕЛЕКӨРСӨТҮҮ МҮДҮРЛҮГҮ

КЫРГЫЗ-ТҮРК "МАНАС" УНИВЕРСИТЕТИНИН РЕКТОРЛУГУНА КАРАШТУУ

"МАНАС" ТЕЛЕКАНАЛЫ МҮДҮРЛҮГҮ

(MANAS TV - MEDIAMANAS)

 

Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин ректоратына караштуу “Манас” телеканалы Кыргызстандын бардык аймактарында санариптик жана эфирдик берүүлөрдү жүргүзөт. “Манас” телеканалында алдыңкы технологиялар менен жабдылган телестудиялар бар. Телеканалдын командасы Түркиянын жана Кыргызстандын  маалымат каражаттарында иштеген тажрыйбалуу адистерден турат.

- Бүлент Намал – телеканалдын мүдүрү;
- Алишер Ибрагимов – шеф;

- Шаризат Ибраева – продюсер жана алып баруучу;

- Гулзира Кеңешова – продюсер жана алып баруучу;

- Ярослав Калиновский – оператор;

- Денис Бурдаков – үн боюнча техник.

“Манас” телеканалы иштин жүрүшүндө сапатка чоң маани берет. Ал өнүккөн техникалык инфраструктурасынын жардамы менен кесипкөй кызматкерлер, илимпоздор, студенттер жана инфлюенсерлер менен иш алып барат.

 

MANAS TV ТУУРАЛУУ КЫСКАЧА МААЛЫМАТ

Жаңы технологияларды колдонуу аркылуу Кыргызстанга телерадио берүү тармагындагы технологиялардын трансфери,

Заманбап телестудиялар

Кыргызстан боюнча санариптик телеберүү

Жаңы медиа

Ар дайым жаңыланып турган социалдык тармактардагы аккаунттар

Өз тармагындагы кесипкөй адамдар, көрүүчүлөргө бөлүшө турган маалыматы бар илимпоздордон, студенттерден жана инфлюенсерлерден турган ыктыярчы программа жасоочулар,

Билим берүү, жаңылыктар, технология, бизнес дүйнөсүндө даярдалган үзгүлтүксүз жана коомдун пайдасы үчүн даярдалган берүүлөр,

Эфирде жаштардын чыгармачылык дараметин жана демин чагылдыруу,

Кыргызстандын УТРК, Түркиянын ТРТ жана башка түрк дүйнөсүнүн телеканалдары менен биргелешкен долбоорлор, орток түз эфирлер,

Улуттук жана эл аралык илимий, маданият, чыгармачылык жана спорттук иш - чаралардын түз берүүлөр,

Кыргызстандын белгилүү ырчыларынын клиптеринин тартуу иштери,

Кыргызстандын ар кандай мекемелери жана уюмдары менен биргелешкен телеберүүлөр жана социалдык жоопкерчилик долбоорлору,

Бишкек эл аралык “Джаз” фестивалы, Бишкекте түрк маданияты, эл аралык салттуу кол өнөрчүлүк жарманкеси сыяктуу эл аралык иш-чараларды уюштуруу жана медиа колдоо көрсөтүү...

 

НЕГИЗГИ МАКСАТЫ

Университеттин көз карашын жана миссиясын ишке ашырууга салым кошуу,

Университет тарабынан жүргүзүлүп жаткан иш-чаралар жөнүндө коомчулукка маалымат берүү

Телеберүүгө кызыккан студенттерди чыныгы студияда тажрыйба алууда алдыңкы технологияларды колдонуу менен аларды кесиптик билим менен камсыз кылуу,

Боордош өлкөлөрдүн мекемелери жана уюмдары тарабынан аймакта жүргүзүлүп жаткан иштер жөнүндө маалымдуулукту жогорулатуу,

Аймактык жана дүйнөлүк медиалар менен биргелешкен долбоорлорду жана медиа контентти ишке ашыруу ( Идеяда, иште жана эфирде дайыма биримдик!)

Программалар аркылуу Түркия менен аймактагы өлкөлөрдүн ортосундагы карым – катнашты өнүктүрүүгө жардам берүү

Түрк дүйнөсүнүн баалуулуктарын жана маданиятын коомго, өзгөчө жаштарга жеткирүү, Түрк дүйнөсүндө эне тилдердин колдонулушун кубаттоо,

кыргыз жана түрк тилдерин окутууну колдоо,

Кыргызстанда медиа тармагын өнүктүрүүгө көмөктөшүүчү долбоорлорду иштеп чыгуу жана ишке ашыруу.

 

ТЕЛЕБЕРҮҮЛӨР ТУУРАЛУУ

“Манас” телеканалы жогорку сапаттагы санариптик берүү аркылуу бүткүл өлкөдө, IP платформаларда жана Кыргызстандын бүткүл жеринде интернет берүү аркылуу обого чыгат. Улуттук статуска ээ болгон “Манас” телеканалы жаштарга арналган көптөгөн темаларда берүүлөрдү көрсөтөт. Мисалга алсак, Түркия, Кыргызстан жана түрк дүйнөсү тууралуу программалар, маданият, чыгармачылык, технология, саламаттыкты сактоо, спорт, университет жашоосу, социалдык медиа күн тартиби, концерттердин түз эфирлери жана башка көптөгөн кызыктуу программалар, актуалдуу темаларда коноктор менен даярдалган телеберүүлөр.

 

“Манас” телеканалына өз ыктыяры менен академиктер жана студенттер, ошондой эле инфлюенсерлер, чыгармачыл ишмерлер жана жаштардын колдоосу менен болгон ар кыл катмардын өкүлдөрү катышышат.

“Манас” университетинде Борбор Азиядагы жана Кыргызстандагы эң заманбап телестудия бар. Аймакта профессионалдуу телеберүүгө ээ болгон жалгыз университет бул –  Кыргыз-Түрк “Манас” университети.

 

БАГЫТЫ ЖАНА ЖООПКЕРЧИЛИГИ

“Манас” телеканалынын негизги иш багыты жана жоопкерчилиги Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин телеканалы болуу сезими жана жоопкерчилиги менен сапаттуу телеберүүлөрдү тартуу болуп саналат.

Аны менен катар эле, жаңы медиа контенттерди, телекөрсөтүү тармагында программалоону, кабар жана реклама агенттиги кызматтарын, мета-аалам жана жасалма интеллект изилдөөлөрүн, иш-чара жана семинарларды ишке ашырат.

 

ТЕЛЕКАНАЛДЫН ТАРЫХЫ

Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин “Манас” телеканалы 1999-жылдын 22-июлунда Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинен каттоодон өтүп расмий түрдө түзүлгөн. Ал эми, телеканал 2007-жылдын 4-майында ректораттын атынан Радио жана телекөрсөтүү мүдүрлүгү тарабынан кайрадан Юстиция министрлигинен каттоодон өтүп, КР Маданият, маалымат жана туризм министрлигинен 2018-жылдын 12-апрелиндеги

алынган лицензия менен республикалык деңгээлде эфирдик телекөрсөтүүгө укук алган.

 

“Манас” телеканалы:

2016-жылдын 1-апрелинде mediamanas.kg сайты,

2016-жылдын 1-сентябрында Facebookтан түз эфир,

2020-жылдын 1-сентябрында Neotelekom жана BeeTV аркылуу IP телекөрсөтүү,

2020-жылдын 1-декабрында Megaline аркылуу IP телекөрсөтүү,

2021-жылдын 6-апрелинде бүткүл Кыргызстанга санариптик эфирдик берүү,

Ал эми 2023-жылдын 1-мартында Telegram платформасы аркылуу түз обого чыга баштаган.

Буга чейин Радио жана телекөрсөтүү мүдүрлүгүн катары 2007-жылы жаңылыктарды, өзгөчө университет жаңылыктарын тарта баштаган жана бул кабарлар ТРТ каналында да көрсөтүлгөн.

 

Университет-Түркия таанытуу фонду-ТРТ менен биргеликте 2012-жылы бүткөрүлгөн телестудияны Радио жана телекөрсөтүү мүдүрлүгүнө өткөрүп берүү менен телеканал профессионал телеберүү тармагында даярдыктарын баштады. Студияда биринчи тесттик тартуу иштери 2012-жылдын 30-августунда болгон. Алгачкы түз эфир 2012-жылдын 13-ноябрында TRT AVAZ телеканалынан ошол кездеги Т.Р. Өнүктүрүү министрлигинин кеңешчиси жана Кыргызстан-Түрк “Манас” университетинин Камкорчулар кеңешинин төрагасы, профессор Кемал Маденоглунун катышуусу менен өткөн. Кийинчерээк Радио жана телевидение мүдүрлүгү SD форматында алган студияны HD форматына өзгөртүп, студияны профессионалдуу берүү жана продюсердик иш жүргүзүүгө мүмкүн болгон структурага айландырды. Кийинчерээк мүдүрлүк; TRT AVAZ  каналына "2013 Кыргызстан жаңы жылдык өзгөчө оюн-зоок программасы", "2013 Ноорузга арналган программа"; Кыргызстандын мамлекеттик телеканалдары ЭЛТР, КТРКга илим-билим жана оюн-зоок көрсөтүүлөрүн, жеке менчик НТС жана ТВ 5 каналдарына оюн-зоок көрсөтүүлөрдү тартып, көптөгөн долбоорлорду ишке ашырган.

 

Кыргыз-Түрк “Манас” университетин таанытууга салым кошуу максатында Радио жана телекөрсөтүү мүдүрлүгү тарабынан студияда көптөгөн белгилүү өнөрпоздордун клиптери, эстрада жылдызы Мирбек Атабековдун “Тумар” тасмасынан бир бөлүгү, ТРТнын “Евразия Жылдызы” долбоорунун алкагында ар кандай абройлуу мекеме-уюмдар менен биргеликте коомго пайдалуу роликтер тартылган.

 

2013-жылдын 25-январынан тарта Радио жана телекөрөтүү мүдүрлүгү университет үчүн “Аралыктан билим берүү программаларын” тарта баштаган.

 

Студиянын расмий ачылышы ошол кездеги Түркиянын премьер-министри Режеп Тайып Эрдогандын катышуусу менен 2013-жылдын 10-апрелинде болүп өттү.

 

Телекөрсөтүү, радио жана социалдык тармактар, кийинчерээк басма сөз жана коомчулук менен байланыш иш-аракеттерин бир түндүктүн астында чогулткан Радио жана телекөрсөтүү мүдүрлүгү «MEDIAMANAS» бренди менен иштеп, телекөрсөтүү, радиоуктуруу, телекөрсөтүүгө байланыштуу программалык камсыздоо, социалдык тармактарга контент жаратуу, мета-аалам изилдөөлөрү, кабар агенттиги, жарнама  агенттиги, продюсерлик, эл аралык иш-чараларды уюштууу, протоколдук иштер, медиа мониторинг, отчеттуулук, архивдөө, басылмаларды өндүрүү жана дизайн жасоо сыяктуу кызматтарды көрсөтүп келген.

 

Радио жана телекөрсөтүү мүдүрлүгүнүн жамааты пандемия мезгилинде – пандемиянын башынан аягына чейин күн сайын болжол менен 12 саат иштеп, өлкөдөгү орто билим берүүнү үзгүлтүксүз улантууга чоң салым кошту. Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин COVID-19 пандемиясы учурунда бардык мамлекеттик каналдарда жана интернетте көрсөтүлгөн видеосабактар системасы Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин ректоратынын Радио жана телекөрсөтүү мүдүрлүгүнүн жамааты тарабынан түзүлгөн. Өз ишинин сапаты менен белгилүү болгон MEDIAMANAS пандемия учурунда Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо министрлигинин жана Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин маанилүү өнөктөшү болуп, эксперттердин катышуусунда пандемия тууралуу социалдык роликтерди жана телеберүүлөрдү даярдады. Бул көрсөтүүлөрдүн баары Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин логотиби менен мамлекеттик телеканалдан көрсөтүлдү. MEDIAMANAS (Радио жана телекөрсөтүү мүдүрлүгү / “Манас” телеканалы) бул эмгектери үчүн кыргыз жана түрк маалымат каражаттарында көптөгөн жаңылыктардын темасы болуп, өзүнүн атын кеңири таанытып, бийлик тарабынан алкыш баракчалары менен сыйланган.

 

2021-жылы түрк дүйнөсүндө он миңден ашуун студентти камтыган, Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин ири долбоору болгон “Түрк дүйнөсүнүн санарип жарандыгы” долбоорунун 16 жумалык сабактары да “Манас” телеканалы аркылуу тартылган.

 

Мындан тышкары, Түркиянын TRT, YTB, TIKA сыяктуу мекемелери менен Кыргызстандагы ММК өкүлдөрү жана студенттер үчүн көптөгөн офлайн жана онлайн окутуу программаларын уюштуруу да “Манас” телеканалынын жамааты тарабынан ишке ашырылууда.

 

Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин бөлүмдөрүнө керектүү болгон медиа мериалдарынын басымдуу бөлүгүн даярдаган “Манас” телеканалы Кыргызстандагы бардык түрк окуу жайларынын, өзгөчө Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин таанытуу жана окуу жайдын иш-аракеттерин коомчулукка жайылтуу максатында иш алып барат. Кененирээк алсак, “Манас” университетинин жана түрк мекемелеринин ишмердүүлүгү телеканал тарабынан чагылдырылып, роликтери тартылып, “Манастан” башка каналдарда да көрсөтүлөт.

 

2015-жылы Радио жана телекөрсөтүү мүдүрлүгү көтөрүлгөн демилгелер жана тиешелүү мыйзам тарабынан берилген укуктун негизинде университетте биринчи жолу киреше алып келүүчү иштерди жүргүзө баштады жана бул иштер менен чыгашалардын бир бөлүгүн жаба алган.

 

Радио жана телекөрсөтүү мүдүрлүгү 2023-жылдын 2-мартында университеттин Окумуштуулар кеңеши тарабынан кабыл алынган чечим менен Радио мүдүрлүгү жана Телеканал мүдүрлүгү болуп кайра түзүлдү.

 

“Манас” телеканалы мурунку ийгиликтүү иштеринин күчү менен ишин ыкчам улантып, мазмун, техника жана технология жаатында күндөн-күнгө күчтөнүүдө. Айрыкча Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин ректору, профессор Алпаслан Жейландын жеке байланыштарынын жана демилгелеринин аркасында “Манас” телеканалына берилген жаңы профессионалдуу тележабдыктар технологиялык инфраструктураны дагы да өнүктүрдү. Аны менен команда жаңы, чоң студияны түзүүнүн үстүндө иштей баштады жана бир топ кеңири спектрдеги программаларды пландаштырды. Ошентип, “Манас” телеканалы академиктер, студенттер, инфлюенсерлер, маданият кызматкерлери жана ишкерлер тарабынан ыктыярдуу түрдө жасалган сапаттуу, кызыктуу контентти көрүүчүлөргө тартуулап келүүдө. Түрк дүйнөсүнүн орток каналы болууну максат кылган, Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин телеканалы болуу сезими жана жоопкерчилиги менен обого чыккан “Манас” телеканалы, түрк дүйнөсүнө тиешелүү бардык темада билим, маалымат жана жаштар программаларын тартуулайт. Канал аркылуу Түркия, Кыргызстан жана түрк дүйнөсү тууралуу программалар, дебат программалары, маданият, искусство, технология, саламаттыкты сактоо, спорт, университет жашоосу, социалдык медиа күн тартиби жана башка көптөгөн кызыктуу актуалдуу темалар жана коноктор менен программалар, жандуу концерттик берүүлөрдү көрүүгө болот. Бул программаларды даярдоо процессине студенттерди аралыштырууга өзгөчө маани берилип, студенттер чыныгы телекөрсөтүү чөйрөсүндө профессионалдык жашоого даярдалат.


Для того чтобы добавить новость, необходимо представиться