“Реформа жана анын жыйынтыгы үчүн” биримдигинин өкүлдөрү, эл аралык донорлордун колдоосу менен, “Ички иштер бөлүмдөрүнүн ишин сырттан баалоо :жаңыча иштөөнү апробациялоо”, долбоорунун жыйынтыгы менен тааныштырышты.
“Реформа жана анын жыйынтыгы үчүн” биримдигинин өкүлдөрү, эл аралык донорлордун колдоосу менен, “Ички иштер бөлүмдөрүнүн ишин сырттан баалоо: жаңыча иштөөнү апробациялоо”, долбоорунун жыйынтыгы менен тааныштырышты. Аталган долбоордо Өзгөн, Талас жана Бишкек шаарынын Свердлов району изилдөөгө алынган.
Пилоттук изилдөөнүн негизинде жарандар жеке коопсуздугу кооптондураары ошондой эле, тоноо, баңгилик-алкоголизм, коррупция, бей баштык, радикализм көйгөйлөрү тизмектин башында турат. Сурамжылоо негизинде калктын 40,4% пайызы Ички иштер бөлүмдөрүнүн иштери тууралуу массалык маалымдоо каражаттарынан маалымат алышат 85%зы жергиликтүү милиция кызматкерлеринин башчыларынын аттарын билишпейт, 62%зы жергиликтүү участкалык милиция кызматкерлерин көрүшкөн эмес.
Шаризат Ибраева
Тимур Тимаев
© Медиа Манас, 2016.
Видеого шилтеме: Ички иштер бөлүмдөрүнун ишин сырттан баалоо апробация кылуу долбоорун жыйынтыгы