12 гектар жерге 1,5 жылда курулуп бүткөрүлгөн бул ишкана аймак үчүн “алгачкы” долбоор болуп саналат.
Кыргызстандын борбору Бишкек шаарында турмуш-тиричилик калдыктарын кайра иштетүү аркылуу электр энергиясын өндүргөн жана заманбап архитектурасы менен айырмаланган “Эко-технологиялык калдыктарды өрттөө жана энергия өндүрүүчү ишкана” салтанаттуу түрдө пайдаланууга берилди.
Бишкек шаардык мэриясы абанын булганышын азайтуу жана калдыктарды башкарууну заманбап деңгээлге чыгаруу максатында иштеп чыккан бул долбоордун ачылышын Президент Садыр Жапаров жасады. Салтанатка Кыргызстандын Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев, Түрк мамлекеттер уюмунун (ТМУ) Аксакалдар кеңешинин мүчөсү Апас Жумагулов, Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев жана көптөгөн коноктор катышты.
Шаардын четинде 1974-жылы негизделген таштанды төгүүчү полигондун аймагында 12 гектар жерге 1,5 жылда курулуп бүткөрүлгөн бул ишкана аймак үчүн “алгачкы” долбоор болуп саналат.
– “Борбор Азияда биринчи жана жападан жалгыз”
Ачылыш аземинде сүйлөгөн Президент Садыр Жапаров ишкананын стратегиялык маанисине токтолуп, “Бүгүн ачылып жаткан эко-технологиялык ишкана Борбор Азияда калдыктарды кайра иштетүү жолу менен электр энергиясын өндүргөн биринчи жана жападан жалгыз ишкана болот. Бул инвестиция борбор калаадагы экологиялык абалды кыйла жакшыртып, элдин электр энергиясына болгон муктаждыгын камсыздоого салым кошот”, — деди.
Долбоордун каржылоо моделине токтолгон Президент жалпы суммасы 95 миллион долларды түзгөн инвестиция толугу менен инвестор тарабынан каржыланганын белгиледи. Анын айтымында, ишкана 35 жыл бою инвестор компания тарабынан башкарылып, бул мөөнөт аяктагандан кийин толугу менен Кыргыз Республикасынын менчигине өткөрүлүп берилет. Салтанат учурунда Президент Садыр Жапаров ишкананы курган кытай капиталына таандык Junxin Huanbao Kay Zhi Invest компаниясынын башкы директору Дай Даогоого долбоорго кошкон салымы үчүн “Достук” орденин тапшырды.
– Күнүнө 1200 тонна калдыктарды иштетүү мүмкүнчүлүгү
Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев журналисттерге берген маалыматында, ишкана күнүнө 1200 тоннага чейин таштанды өрттөп, 30 МВт·саат электр энергиясын өндүрө алаарын билдирди. Ошондой эле ишкананын курамында калдыктардан чыккан күлдөрдү курулуш материалдарына айландыруучу кошумча завод да курулганын кошумчалады.
Журналисттерге ишкананы тааныштырып жүргөн Бишкек шаарынын мэриясынын орун басары Рамиз Алиев ишканада иштеген 100 кызматкердин жарымы кыргызстандыктар экенин белгилеп, бул долбоор экологиялык да, экономикалык да жактан шаар үчүн чоң мааниге ээ экенин баса белгиледи.