Кыргыздардын суусундугу «максым» ЮНЕСКОнун тизмесине » MANAS TV
Bişkek www booked net
+10°C
FastDL story saver

Кыргыздардын суусундугу «максым» ЮНЕСКОнун тизмесине

Кыргыздардын суусундугу «максым» ЮНЕСКОнун маданий мурастар тизмесине киргизилди.



Кыргызстандын улуттук суусундугу «максым» Бириккен Улуттар Уюмунун Билим берүү, илим жана маданият боюнча уюмунун (ЮНЕСКО) Адамзаттын материалдык эмес маданий мурастарынын репрезентативдик тизмесине киргизилди.

Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги тараткан билдирүүдө:

«ЮНЕСКО Кыргызстандын улуттук суусундугу - максымды Адамзаттын материалдык эмес маданий мурастарынын репрезентативдик тизмесине каттады», - деп айтылат.

Маалыматка ылайык, каттоо тууралуу чечим Индиянын борбору Нью-Дели шаарында өткөн Материалдык эмес маданий мурастарды коргоо боюнча Өкмөттөр аралык комитеттин жыйындарында кабыл алынган.

Өлкөдө айрыкча жай айларында ачык асман алдындагы базарларда кеңири тараган, бир аз кычкыл даамга ээ максым суусундугу (жарма деп да аталат) негизинен арпа жана буудайдан даярдалат жана адатта «бешбармак» же «лагман» сыяктуу улуттук тамак-аштар менен кошо берилет.

ЮНЕСКОнун Адамзаттын материалдык эмес маданий мурастарынын репрезентативдик тизмесине Кыргызстандан ошондой эле «Манас», «Семетей», «Сейтек» эпостору, «ала кийиз» жана «шырдак» кийиз килемдери, ошондой эле салттуу ат оюну болгон «көк бөрү» да кирген.

 

AA

Напиток кыргызов «максым» включён в список ЮНЕСКО

Комментарий кошуу

или Войдите чтобы каждый раз не вводить данные.
Для того чтобы добавить новость, необходимо представиться