Кыргызстанда эл аралык тоолор күнү » MANAS TV
Bişkek www booked net
+10°C
FastDL story saver

Кыргызстанда эл аралык тоолор күнү

Кыргызстанда эл аралык тоолор күнү белгиленди.



Кыргызстанда Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Башкы Ассамблеясынын чечими менен жыл сайын 11-декабрда белгиленүүчү эл аралык тоолор күнү  белгиленди.

Президенттик администрациядан маалымдалгандай, Президент Садыр Жапаровдун колдоосунда тоолордун стратегиялык маанисине көңүл буруу, туруктуу өнүгүүнү илгерилетүү жмаксатында жаштарга, окумуштууларга, жарандык активисттерге арналган иш-чаралар ткөрүлдү.

Майрамдык иш-чаралардын алкагында 2-декабрда Ош шаарында Европадагы Коопсуздук жана Кызматташтык Уюмунун (ЕККУ) Бишкек программалык кеңсесинин колдоосу менен «Тоолор, экология, кинодогу аялдар – келечекти өзгөрткөн көз караш» темасында Аял режиссёрлордун 7-Эл аралык кинофоруму өткөрүлдү.

Иш-чаралар «Кыргыз абориген жылкы тукумун сактоо: учурдагы көйгөйлөр жана чечүү жолдору» аттуу тегерек стол жыйыны менен улантылып, 9-декабрда Бишкек шаарында мектептер арасында билим сынагы өткөрүлдү. Мындан тышкары, 9–11-декабрь күндөрү Бишкек жана Нарын шаарларында тоолуу аймактардагы саламаттык сактоо экосистемаларын өнүктүрүүгө арналган семинарлар уюштурулду.

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев эл аралык тоолор күнү менен байланыштуу кайрылуусунда Кыргыз элин куттуктады.

Касымалиев өз кайрылуусунда: «Тоолор бизге күч-кубат, шыктануу жана келечекке болгон ишеним берет. Бардык элдер үчүн тынчтыктын, ынтымактын жана туруктуу келечектин символу болуп кала берсин», — деди.

Международный день гор в Кыргызстане

Комментарий кошуу

или Войдите чтобы каждый раз не вводить данные.
Для того чтобы добавить новость, необходимо представиться