Досмамбетов саламаттык сактоо министри болуп дайындалды » MANAS TV
Bişkek www booked net
+10°C
FastDL story saver

Досмамбетов саламаттык сактоо министри болуп дайындалды

Кыргызстанда өкмөттүк жана күч түзүмдөрүндө ири кадрдык дайындоолор болуп өттү.



Президенттик администрациянын маалыматына ылайык, президент Садыр Жапаровдун жарлыгы менен Каныбек Досмамбетов саламаттык сактоо министри болуп дайындалды. Ал Эркин Чечейбаевдин ордуна келди. Мурда Досмамбетов Кыргызстандын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Жалал-Абад облустук башкармалыгын жетектеп келген.

Президенттик администрациянын маалымат саясаты башкармалыгынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков социалдык тармактагы билдирүүсүндө саламаттык сактоо сектору түпкүлүгүндө реформаларды талап кыларын белгилеп, Досмамбетовду «реформатор жана көрүнүктүү жетекчи» катары мүнөздөп, анын башкы максаты тармактагы тамырлашкан коррупциялык схемаларды жоюу болоорун билдирди.

Досмамбетов назначен министром здравоохранения

Комментарий кошуу

или Войдите чтобы каждый раз не вводить данные.
Для того чтобы добавить новость, необходимо представиться