Казакстандын Актау шаарынын жанында Баку-Грозный каттамын аткарган Embraer 190 үлгүсүндөгү Азербайжан аба жолдоруна (AZAL) тиешелүү жүргүнчү учак кулады.
Бакудагы Гейдар Алиев атындагы эл аралык аэропортто Актаудагы учак кырсыгына байланыштуу маалымат жыйыны өттү.
AZALдын басма сөз катчысы Фарид Гусейнов учакта 5 адамдан турган экипаж жана 62 жүргүнчү, жалпы 67 киши болгонун билдирди.
Гусейнов жүргүнчүлөрдүн арасында 37си Азербайжан, 16сы Орусия, 6сы Казакстан жана 3ү Кыргызстандын жараны экенин айтты.
Азербайжан Башкы прокуратурасынын өкүлү Кенан Зейналов кырсыктан 32 адам аман калганын жана алар дарыланууга алынганын алдын ала маалыматтарга таянып билдирди.
AA