Түрк кофеси — бул Түркияга барганда сөзсүз даам татып көрүү керек болгон эң оригиналдуу даамдардын бири. Анын өзгөчө жыты, даамы жана даярдоо ыкмасы аны өзгөчө кылат. Бирок түрк жергесинде кофе — жөн эле суусундук эмес. Ал меймандостуктун жана достуктун символу катары чоң мааниге ээ. Түрк маданиятында кофени биргеликте ичүү — адамдарды жакындаштырып, терең маек курууга мүмкүнчүлүк берген өзгөчө учур. Бекеринен: «Бирге ичкен бир чыны кофе жүрөктө 40 жыл сакталып калат», — деп айтылбаса керек.
Бул улуу маданий мурас 2013-жылы ЮНЕСКО тарабынан Материалдык эмес маданий мурастар тизмесине киргизилген. Ошондон бери 5-декабрь Дүйнөлүк Түрк кофеси күнү катары белгиленип келет. Бул өзгөчө күндү утурлай, кофенин тарыхына саякат жасап, анын өзгөчөлүктөрү менен таанышып көрөлү.
Кофе түрк жергесине кантип келген?
Кофе Осмон империясынын доорунда Йеменден Стамбулга, Сулейман Султандын сарайына алып келинген. Сарайдын ашпозчулары аны даярдоонун өзгөчө ыкмасын иштеп чыгышкан. Ушул ыкманын аркасында кофе түрк кофеси деп аталып калган.
Башында кофе сарайдагы өзгөчө суусундук катары белгилүү болгон. Кийин ал Стамбулдун көчөлөрүнө чыгып, элге кеңири тарай баштаган. XVI кылымда коомдук кофейнялар ачылып, бул жерлерде адамдар кофе ичип, баарлашуу үчүн чогулушкан. Ошол мезгилде Стамбул соода жана маданият борбору болгондуктан, кофе кайрадан башка өлкөлөргө жол тарткан. Соодагерлер кофенин данектерин чет өлкөлөргө экспорттоп, европалык дипломаттар түрк кофесинин маданиятын өз өлкөлөрүнө жайылтышкан.
Түрк маданиятына терең сиңген салт
Көп кылымдар бою түрк кофеси түрк маданиятынын ажырагыс бөлүгүнө айланган. Анын уникалдуулугу — даярдоо ыкмасынын муундан-муунга өзгөрүүсүз өтүп келатканында. Даамдуу кофе даярдоо үчүн өтө майдаланып тартылган кофени узун саптуу жезве идишине салып, жай кайнатуу керек. Шекер кошуу — ар кимдин өз каалоосуна жараша: кофени ачуу, бир аз таттуу же таттуу кылып ичүүгө болот.
Түрк кофеси көбүнчө бир стакан суу жана рахат-лукум менен кошо берилет. Суу даамдарды так сезүү үчүн оозду чайкоо максатында колдонулат. Түрк тилинде эртең мененки тамак kahvaltı деп аталат, бул түз мааниде «кофенин алдындагы тамак» дегенди билдирет.
Түркияда кофе ичүү үчүн ар дайым себеп табылат: ал тамактан кийин сиңирүүчү суусундук катары колдонулат, достор менен маектешүүгө, конокторду тосууга же үй-бүлөлүк баарлашууга эң сонун шылтоо болуп берет. Мындан сырткары, кофе ичип бүткөндөн кийин анын чынысында калган кагыштан тагдырга байкоо жүргүзүү — бул түрк маданиятында кеңири жайылган кызыктуу ырым-жырым.
Түрк кофеси диний майрамдардан тарта турмуш куруу салтанаттарына чейин ар кандай өзгөчө учурларда сөзсүз берилет.
Гурмандар үчүн түрк кофесинин түрлөрү
Күнүмдүк классикалык кофеден тышкары, Түркиянын ар аймагында кофенин өзгөчө түрлөрү бар. Мисалы, Эгей деңизинин жээгиндеги аймактарда кофени мастик жыттуу чайыр менен даярдашат. Газиантепте кофени фисташка дарагынын мөмөсүнөн жасашып, анын кофеинсиз жана жемиш даамы бар түрү — мененгич кофеси белгилүү. Ал эми Мардин жана Шанлыурфа сыяктуу шаарларда күчтүү мырра кофеси кеңири тараган. Ал майда сапсыз чыныларда берилет. Жеңил даамдарды жактыргандар үчүн ташта майдаланган дибек кофеси идеалдуу.
Кофенин даамына анын даярдоо ыкмасы да чоң таасир этет. Кофе ысык кумда, отко койгон көмүрдө же күлдө кайнатылып даярдалган учурларда өзгөчө даамга ээ болот.
Көбүктүү түрк кофесин кантип даярдоого болот?
Дүйнөлүк Түрк кофеси күнүн көбүктүү кофе жасап, белгилеп көрүңүз. Ал үчүн жаңы, майда тартылган кофени колдонуңуз. Туркага кофе, суу жана каалаган көлөмдө шекер салып, жай отто кайнатуу керек. Кофе кайнап чыкканда үстүндө көбүк пайда болот. Аны кылдаттык менен чыныга куюп, көбүктү сактап калууга аракет кылыңыз. Кофени суу менен же рахат-лукум кошуп ичсеңиз болот.
Балким, Түркияга сапар пландап, бул өзгөчө суусундукту анын мекенинде даам татып көрүүнү чечээрсиз? Бирге ичкен бир чыны түрк кофеси жаңы 40 жылдык жакшы эскерүүлөрдүн башталышы болсун!