Түркиянын коммуникация башкармалыгынын жетекчиси Алтун: «Палестина маселесинин глобалдык күндемден алынышына эч качан жол бербейбиз» » MANAS TV
Bişkek www booked net
+10°C
FastDL story saver

Түркиянын коммуникация башкармалыгынын жетекчиси Алтун: «Палестина маселесинин глобалдык күндемден алынышына эч качан жол бербейбиз»



Стамбулда 24 февралда “Басылып алынган Палестина аймагында Израил башкаруусунун дезинформациялык ишмердүүлүгү, журналисттерге жана медиа уюмдарына кол салуулар” аталышындагы Ислам Кызматташтык Уюмуна (ИКУ) мүчө мамлекеттердин маалымат министрлеринин кезексиз жыйыны өткөрүлдү.

Жыйынга 43 өлкөдөн 200гө жакын жогорку даражадагы өкүлдөр, анын ичинде 20 министр, байланыш жана медиа уюмдарынын жетекчилери катышты.

Түркиянын президенттик администрациясына караштуу коммуникация башкармалыгынын жетекчиси директору Фахреттин Алтун Ислам Кызматташтык Уюмунун (ИКУ) маалымат министрлеринин кезексиз жыйынында сүйлөгөн сөзүндө Израил Газада 7-октябрдан бери улантып жаткан зулум Жакынкы Чыгышка карата колониялык жана империалисттик көз караштын натыйжасы экенин белгиледи.

Алтун Израилдин кылмыштары аныкталып жатканда анын артында чогулган кара күчтөрдү да көрүү керек экенин билдирди: «Израилдин ойлонбостон жасап жаткан кадамдарынын негизги себеби – эл аралык системанын адилетсиздиги. Израил кылмыштарды жасап, бирок жазалана элек. Батыш дүйнө тартиби тарабынан кол тийбес абалга келди. Биз муну кабыл ала албайбыз".

Фахреттин Алтун БУУнун Коопсуздук Кеңеши түзүмүнүн кыргындардын алдын ала албаганына, атүгүл ок атышпоо тууралуу да чечим чыгара албагандыгына токтолду.

«Мыйзам бузууларга карабастан Израилдин эч кандай санкцияга кабылбашы - бул БУУнун Коопсуздук Кеңешинде вето укугунун жоопкерчиликсиз жана кара ниеттик менен колдонулуп жаткандыгы. Учурдагы эл аралык кырдаал системанын айласы кеткенин көрсөтүп турат. Бул системаны кайра карап чыгуу керек" - деди Алтун.

Глава Управления по связям Турции Алтун: «Мы никогда не позволим палестинскому вопросу выпасть из глобальной повестки дня» Глава Управления по связям Турции Алтун: «Мы никогда не позволим палестинскому вопросу выпасть из глобальной повестки дня»

Комментарий кошуу

или Войдите чтобы каждый раз не вводить данные.
Для того чтобы добавить новость, необходимо представиться