Ректор Түрк дүйнөсүнүн Улуттук илимдер академиялар союзунун Башкы ассамблеясынын VI сессиясына катышты » MANAS TV
Bişkek www booked net
+10°C
FastDL story saver

Ректор Түрк дүйнөсүнүн Улуттук илимдер академиялар союзунун Башкы ассамблеясынын VI сессиясына катышты



Аль-Фараби атындагы Казак улуттук университетинде Илим жумалыгынын алкагында Түрк дүйнөсүнүн Улуттук илимдер академиялары союзунун Башкы ассамблеясынын 6-жыйыны болуп өттү.

Жыйындын катышуучулары түрк дүйнөсүндөгү илимий кызматташтыкты өнүктүрүүнүн жолдорун карап, пикир алмашышты.

Иш-чарага Казакстан Республикасынын илим жана жогорку билим берүү министри Саясат Нурбек, Эл аралык Түрк академиясынын президенти Шахин Мустафаев, Башкармалыктын төрагасы – Аль-Фараби атындагы КазМУнун ректору Жансейит Түймебаев, Казакстан Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын президенти Күнсулу Закария, Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын президенти Канатбек Абдирахматов, Дания Загидуллина, Татарстан Республикасынын Илимдер академиясынын вице-президенти, Түркиянын Илимдер академиясынын президенти Музаффер Шекер , жана Азербайжандын, Монголиянын, Башкыртстандын, Өзбекстандын, Казакстандын илимдер академияларынын президенттери жана чет элдик окумуштуулар, түркологдор, университеттин окутуучулары жана профессорлору катышты.

Жыйынга Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин ректору, профессор Алпаслан Жейлан жана ректор кеңешчиси, экономика жана башкаруу факультетинин деканы, профессор Серхат Бурмаоглу да катышты.

Жыйында ректор университеттин иштери жана алдыдагы пландары тууралуу баяндама жасады. Ал Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин максаты студенттерге сапаттуу билим берүү менен эмгек рыногунун суроо-талаптарына жооп берүүчү жогорку квалификациялуу сапаттуу кадарларды даярдоо экенин баса белгилеп, илим академияларынын илимий өнөктөштүгүн арттыруу жана илимий коомчулукту чыңдоо маселесине токтолду.

Жолугушуу панелдик секциялар менен улантылды.

Белгилей кетсек, Түрк дүйнөсүнүн Улуттук илимдер академиясынын президиумунун кезектеги жыйыны Татарстан Республикасынын борбору Казань шаарында өттү.

 

Rektör Ceylan, Türk Dünyası Bilim Akademileri Birliği Toplantısı’na Katıldı Rektör Ceylan, Türk Dünyası Bilim Akademileri Birliği Toplantısı’na Katıldı Rektör Ceylan, Türk Dünyası Bilim Akademileri Birliği Toplantısı’na Katıldı

Комментарий кошуу

или Войдите чтобы каждый раз не вводить данные.
Для того чтобы добавить новость, необходимо представиться