Графика бѳлүмүнүн студенттеринин эмгектери "Теория жана практика" көргөзмө сынагында 1-орунду ээледи » MANAS TV
Bişkek www booked net
+10°C
FastDL story saver

Графика бѳлүмүнүн студенттеринин эмгектери "Теория жана практика" көргөзмө сынагында 1-орунду ээледи



Үстүбүздѳгү жылдын 14-апрелинде Гапар Айтиев атындагы Көркөм сүрөт музейинде белгилүү дизайнерлер, педогогдор, студенттер катышкан "Теория жана практика" аттуу көргөзмөнүн бет ачары болуп өттү.

Иш-чара Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги жана Кыргызстандын дизайнерлер Союзу биргеликте уюштурулду.

Анда Дизайнерлер бирикмесинин мүчөлөрү, белгилүү дизайнерлер "Уулман" брендинин негиздөөчүсү Инискан Турганказиева, "Mountain Cedar Woolens” брендинин ээси Гулмира Акматова жана “CholponA Design" брендинин автору Чолпон Антониссенс тарабынан даярдалган жүндөн токулган кооз кийимдеринин топтому сунушталган.

Андан тышкары, музейдин өзүнчө залында III Жогорку окуу жайлардын стунденттердин ортосунда керамика, графика жана мода дизайн көргөзмө сынагы да болду. Кѳргѳзмѳгѳ Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин кѳркѳм ѳнѳр факультетинин графика бѳлүмүнүн 2-3-4-курсунун студенттери эмгектери менен активдүү катышып, 1-орунду “Эң мыкты графика” сыйлыгын жеңип алышты. Жеңүүчүлѳргѳ уюштуруучулар тарабынан атайын диплом жана 3000 сом акчалай сыйлык тапшырылды.

Cтуденттерди жетектеп кѳркѳм ѳнѳр факультетинин графика бѳлүмүнүн башчысы, профессор Чагатай Акенгин, ага окутуучу Сезер Эрдоган жана ага окутуучу Айтбү Бадахшанова катышты.

Искусство жаатында ийгиликтерди жараткан студенттерибизди жана жетекчилерин жеңиши менен куттуктап, окууларында жана иштеринде чыгармачылык ийгиликтерди каалайбыз.

Аталган көргөзмө 30-апрелге чейин уланат.

Sanatta Ödül Getiren Başarı Sanatta Ödül Getiren Başarı Sanatta Ödül Getiren Başarı Sanatta Ödül Getiren Başarı Sanatta Ödül Getiren Başarı Sanatta Ödül Getiren Başarı Sanatta Ödül Getiren Başarı

Комментарий кошуу

или Войдите чтобы каждый раз не вводить данные.
Для того чтобы добавить новость, необходимо представиться