Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин QS Дүйнөлүк рейтингиндеги ийгилиги » MANAS TV
Bişkek www booked net
+10°C
FastDL story saver

Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин QS Дүйнөлүк рейтингиндеги ийгилиги



QS Дүйнөлүк университеттердин предметтер боюнча рейтинги жалпысынан 54 предметти камтыйт. Бул рейтингдин негизги максаты - абитуриенттерге тандап алган дисциплиналары боюнча дүйнөнүн эң мыкты окуу жайларын аныктоого жардам берүү болуп саналат. Кыргыз-Түрк “Манас” университети 2023-жылы QS Дүйнөлүк рейтингине ылайык, заманбап тил боюнча билим берүүдө дүйнөдөгү эң мыкты университеттердин бири болуп аныкталган. Университет предмет боюнча QS Дүйнөлүк университеттердин рейтингинде 301-340 орунду ээлеген.

Кыргыз-Түрк “Манас” университети тил үйрөтүүгө чоң маани берип, котормочулар, англисче жана орусча сүйлөшүү сыяктуу түрдүү студенттик клубдар менен студенттердин үзгүлтүксүз жана инсандык өнүгүүсүнө жол ачып келет. Университетте негизги окутуу түрк жана кыргыз тилдеринде жүргүзүлөт. Мындан тышкары, англис, орус, кытай жана башка тилдерде дагы билим берген программалар бар. Кыргыз-Түрк “Манас” университети чет тилин окутууда өзүнүн инновациялык жана оригиналдуу ыкмалары менен ийгиликтерге жетишип келет.

Гуманитардык факультет тилди окутууда өзгөчө маанилүү ролду ойнойт. Анткени бул факультетте Түркология, Филология жана Синхрондук котормо сыяктуу тилдерди окутуу бөлүмдөрү жайгашкан. Окумуштуулардын бардыгы өз тармагындагы белгилүү илимпоздор болуп саналышат. Алар университетте студенттерге сапаттуу билим берүү менен бирге ар кандай илимий изилдөөлөрдү дагы жүргүзүп келишет. Гуманитардык факультетте жыл сайын көптөгөн улуттук жана эл аралык конгресстер, панелдер жана семинарлар сыяктуу илимий жыйындар өткөрүлүп келет.

Университеттин тил бөлүмдөрү илимий изилдөө иштерин активдүү жүргүзүп келет. Бул бөлүмдөрдөгү окумуштуулардын илимий изилдөөлөрү жана долбоорлору илимий дүйнөгө улуттук жана эл аралык деңгээлде салым кошкон. Авторлордун илимий изилдөөлөрү дүйнөнүн алдыңкы илимий басылмаларында жана журналдарында жарыяланган. Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин котормо бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан Кыргызстандын «Манас», «Эр Төштүк» сыяктуу атактуу көптөгөн эпостору башка тилдерге которулган. Мындан тышкары бөлүм тарабынан илимий дүйнөгө пайда алып келе турган сөздүк китептери дагы жарык көргөн.

Бүгүнкү күнгө чейин окумуштуулар жана философтор тилге эчак эле аныктама беришкени менен тилдин адам жашоосундагы жана коомдогу ордун толук сүрөттөп берүү мүмкүн эмес. Тил туруктуу өнүгүүнүн стратегиялык фактору катары кызмат кылат. Азыркы дүйнөдө тил маданияттар аралык байланышты гана камсыз кылбастан, билим берүүнүн сапатына да таасир тийгизүүчү күчкө дагы ээ. Кыргыз эл жазуучусу Чыңгыз Айтматов айткандай “Элдин түбөлүктүүлүгү - анын тилинде”. Ар бирибиз өз тилибизди сүйүп, баалап жана коргоп гана тим болбостон, тилибизди туура колдоно билишибиз дагы керек. Ошол эле учурда өзүбүздү өнүктүрүп, башка тилдерди да үйрөнүшүбүз зарыл.

Азыркы ааламдашкан дүйнөдө заманбап тилди билүү менен ар тараптуу талдоо жөндөмдөрүн айкалыштыруу маанилүү фактор болуп саналат. Анткени заманбап тилдерди билген бүтүрүүчүлөр ар кайсы тармакта дайыма суроо-талапка ээ болот.

Кыргыз-Түрк “Манас” университети кеңири мүмкүнчүлүктөрү менен акысыз жана сапаттуу билим берген абройлуу жогорку окуу жайы жана анын академиялык ийгилиги Quacquarelli Symonds жана Times Higher Education сыяктуу көз-карандысыз эл аралык уюмдардын тизмесине кирүүсү менен далилденген. Манас университети 2023-жылы QS рейтингинде дүйнөдө 801-орунду, ал эми Түркиядагы университеттер арасында 7-орунду ээлеген.

Успех Кыргызско-Турецкого университета «Манас» в мировом рейтинге QS Успех Кыргызско-Турецкого университета «Манас» в мировом рейтинге QS

Комментарий кошуу

или Войдите чтобы каждый раз не вводить данные.
Для того чтобы добавить новость, необходимо представиться