Депутат Улан Примов «Манас» университетинин ишмердүүлүгү менен таанышты » MANAS TV
Bişkek www booked net
+10°C
FastDL story saver

Депутат Улан Примов «Манас» университетинин ишмердүүлүгү менен таанышты



Үстүбүздѳгү жылдын 24-февралында Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин төрагасы Улан Примов Кыргыз-Түрк “Манас” университетине келип, окуу жайдын ишмердүүлүгү менен таанышты.

Эл ѳкүлү Улан Примовду университеттин ректору, профессор Алпаслан Жейлан жана биринчи проректор, профессор Асылбек Кулмырзаев жылуу тосуп алып, окуу жайдын илимий жана билим берүү ишмердүүлүгү, инфраструктурасы жана техникалык жабдуулары менен таныштырды.

Жолугушууда комитет төрагасы Улан Примов “Манас” университети эки элге көпүрө болуп, Кыргызстандын билим берүү тармагына өзгөчө салым кошуп келе жаткандыгын белгилеп: “Жаңычыл окуу усулдары, заманбап техникалык базасы, жеткиликтүү шарттары жана мыкты окутуучулары менен өзгөчөлөнгөн “Манас” Кыргызстандагы гана эмес, дүйнөдөгү алдыңы университеттердин бири экени анык”, - деди. 

Ошондой эле депутат окуу жайда ачылган көкбөрү оюндары боюнча калыстарды даярдоочу курстун ишмердүүлүгү менен таанышты.

Долбоорду кубаттап, “Көкбөрү” курсунун “Манас” университети тарабынан уюштурулганына жогору баасын берген Улан Примов: “Курста тажрыйба топтоп, дасыккан калыстар көкбөрү боюнча республикалык жана эл аралык оюндарды ийгиликтүү өткөрүүгө өз салымын кошот деген терең ишеничтемин. Бабалардан калган баалуулуктарыбызды жайылтуу жана жаштарды улуттук спортко тартуу жаатында жасалып жаткан бул саамалык башка окуу жайлар үчүн да үлгү”, - деп кошумчалады.  

Жыйынтыгында Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин төрагасы “Көкбөрү” курсунун бүтүрүүчүлөрүнө сертификат тапшыруу аземине катышты.

Milletvekili Primov, Manas Üniversitesi’ni Ziyaret Etti Milletvekili Primov, Manas Üniversitesi’ni Ziyaret Etti

Комментарий кошуу

или Войдите чтобы каждый раз не вводить данные.
Для того чтобы добавить новость, необходимо представиться