Президент Садыр Жапаров Түркиянын элчилигине барып кѳңүл айтты » MANAS TV
Bişkek www booked net
+10°C
FastDL story saver

Президент Садыр Жапаров Түркиянын элчилигине барып кѳңүл айтты



Президент Садыр Жапаров 9-февралда Түркиянын Кыргызстандагы элчилигине барып, жер титирѳѳлѳрдүн кесепетинен кѳп сандаган кырмандыктарга байланыштуу түрк элине кѳңүл айтты.

Мамлекет башчысы кѳңүл айтуу китебине жазуу калтырып, анда Кыргызстан элинин жана жеке ѳзүнүн атынан боордош түрк элине кѳңүл айтып, колдоосун билдирди.

Кыргызстан, табияттын татаал кырсыгына кабылып, башына каран түн түшүп турган Түркия элинин кайгысын тең бѳлүшѳт, деп билдирди.

“Бүгүнкү күндѳ жер силкинүүдѳн сандаган имараттар кыйрап, анын курмандыгына айланган миңдеген түрк боордоштору үчүн жамы кыргыз журтунун жүрѳгү сыздап турат. Сиздердин кайгыңыздар – биздин да кайгыбыз!

Биздин жүрѳгүбүздѳ түрк элинин, Түркиянын орду чоң. Кыргыз эли, ата-бабаларыбыздан салт болуп калгандай, тарыхы менен тамыры бир түрк эли үчүн, башыңыздарга кандай күн түшпѳсүн, жѳлѳк-таяк, арка-бел болууга ар дайым даяр.

Жалпы Кыргызстан элинин жана жеке ѳзүмдүн атыман каза болгон боордошторубуздун жакындарына жана туугандарына терең кайгыруу менен кѳңүл айтам. Жер титирѳѳдѳн жараат алгандардын тез арада сакайып кетишин тилеймин!” – деп жазды президент Садыр Жапаров.

Эске салсак, 2023-жылдын 6-февралынын таңында Түркиянын түштүк-чыгышында магнитудасы 7,7ге жеткен зилзала болгон. Түш ченде кайра кайталанган. Мамлекет башчысы Режеп Тайип Эрдогандын айтымында, бул 1939-жылдан берки эң күчтүү жаратылыш кырсыгы болуп калды.


Загрузка плеера...


Kırgızistan Cumhurbaşkanı Caparov, Taziye Defterini İmzaladı Kırgızistan Cumhurbaşkanı Caparov, Taziye Defterini İmzaladı Kırgızistan Cumhurbaşkanı Caparov, Taziye Defterini İmzaladı

Комментарий кошуу

или Войдите чтобы каждый раз не вводить данные.
Для того чтобы добавить новость, необходимо представиться