КТМУнун ага окутуучусу А.Мажитова “Мацумаэ” фондунун медалы менен сыйланды » MANAS TV
Bişkek www booked net
+10°C
FastDL story saver

КТМУнун ага окутуучусу А.Мажитова “Мацумаэ” фондунун медалы менен сыйланды



Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин инженердик факультетинин ага окутуучусу PhD, доц.м.а. Айчүрөк Мажитова “Мацумаэ” эл аралык фондунун (Япония) изилдөө стипендиясын утуп алып, Кумамото университетинде (Кумамото, Япония) 2022-жылдын 17-июлунан 2023-жылдын 17-январына чейин изилдөө иштерин аткарып келди.

Доц.м.а. Айчүрөк Мажитова Кумамото университетинин колдонмо химия жана биохимия кафедрасынын профессору Макото Такафужи менен «Кымызды ачытуу учурунда белок фракцияларынын бөлүштүрүлүшүн ультра тандалма HPLC аркылуу изилдөө» деген темада долбоорун бирге ишке ашырышкан. Японияда жүргөн учурда илимий изилдөөлөрдөн тышкары Испания, Франция, Литва, Бангладеш жана Япониялык башка профессорлор менен да жакындан таанышуу жана тажрыйба алмашуу мүмкүнчүлүгө ээ болгон.

А.Мажитова изилдөө стипендиясы программасын ийгиликтүү аяктагандан кийин 2023-жылдын 17-январында Токио шаарында салтанаттуу түрдѳ “Мацумаэ” эл аралык фондунун башкармалыгынын төрагасы, профессор Тошиаки Хашимото тарабынан сертификат жана медаль менен сыйланды.

Инженердик факультетинин ага окутуучусу PhD, доц.м.а. Айчүрөк Мажитованын “Медиа Манас” борборуна берген маегин толугу менен алдыдагы шилтемеден кѳрѳ аласыздар:

https://www.youtube.com/watch?v=E_eXHZ1q4p0


Загрузка плеера...


Manaslı Akademisyen Macitova’ya Bilimsel Başarı Madalyası Manaslı Akademisyen Macitova’ya Bilimsel Başarı Madalyası Manaslı Akademisyen Macitova’ya Bilimsel Başarı Madalyası Manaslı Akademisyen Macitova’ya Bilimsel Başarı Madalyası Manaslı Akademisyen Macitova’ya Bilimsel Başarı Madalyası Manaslı Akademisyen Macitova’ya Bilimsel Başarı Madalyası Manaslı Akademisyen Macitova’ya Bilimsel Başarı Madalyası Manaslı Akademisyen Macitova’ya Bilimsel Başarı Madalyası Manaslı Akademisyen Macitova’ya Bilimsel Başarı Madalyası Manaslı Akademisyen Macitova’ya Bilimsel Başarı Madalyası

Комментарий кошуу

или Войдите чтобы каждый раз не вводить данные.
Для того чтобы добавить новость, необходимо представиться