“Советтик кыргыз журналистикасы күбөлөрдүн сөзү менен” аттуу тарых китеби жарыкка чыкты » MANAS TV
Bişkek www booked net
+10°C
FastDL story saver

“Советтик кыргыз журналистикасы күбөлөрдүн сөзү менен” аттуу тарых китеби жарыкка чыкты



Кыргыз Республикасынын билим берүүсүнө эмгек сиңирген кызматкер, саясий илимдеринин кандидаты, публицист, Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин коммуникация факультетинин ага окутуучусу Бакыт Орунбековдун долбоорлук жетекчилиги менен Кыргызстанда биринчи жолу “Советтик кыргыз журналистикасы күбөлөрдүн сөзү менен” оозеки тарых китеби чыкты.

Бул китепте советтик заманда жашаган, журналистик кесиптин түйшүгүн тартып, ал тармакта көп жылдар эмгектенген 40тан ашык калемдештерибиздин ою, сөзү, көз карашы, өзү күбө болгон доорду билимине, тарбиясына жараша кабыл алганы, көргөнү, талдоосу, баасы боюнча советтик кыргыз журналистикасынын тарыхы жазылды,- дейт Бакыт Орунбеков.

Долбоор авторунун айтымында жыйнакка кирген оозеки тарыхый булактардын башкы айырмачылыгы - маалыматтын индивидуалдуулугу жана субъективдүүлүгү. Совет дооорунун бир өңүрү - улуттук журналистиканын тарыхый, саясий-идеологиялык, моралдык-этикалык өзгөчөлүгү, коомдук жоопкерчилигинин деңгээли жөнүндө ар кандай көз караштан кенен кеп болот.

Ошондой эле бул китепте совет заманындагы журналисттерди даярдоонун кыскача тарыхы жана кыргыздын сөз кадырына байланыштуу накылдары берилген.

Издана первая книга по истории Кыргызстана на основе сбора устной информации Издана первая книга по истории Кыргызстана на основе сбора устной информации

Комментарий кошуу

или Войдите чтобы каждый раз не вводить данные.
Для того чтобы добавить новость, необходимо представиться