Кыргыз-Түрк «Манас» университетинде жылды жыйынтыктоо иш-чарасы ѳттү » MANAS TV
Bişkek www booked net
+10°C
FastDL story saver

Кыргыз-Түрк «Манас» университетинде жылды жыйынтыктоо иш-чарасы ѳттү



2022-жылдын 23-декабрында Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин жалпы эмгек жамаатына арналган жылды жыйынтыктоо жана бир катар агартуучуларга мамлекеттик сыйлыктар тапшыруу иш-чарасы болуп ѳттү.

Иш-чара университеттин Конгресс жана маданият борборунда ѳтүп, ага ТҮРКСОЙ эл аралык уюмунун башкы катчысы Султан Раев, КТМУнун биринчи проректору, профессор Асылбек Кулмырзаев, проректор, профессор Мехмет Сезай Түрк, университеттин профессордук-окутуучулук курамы жана административдик кызматкерлер катышты.

Университеттин иштеринин жылдык жыйынтыктоо отчету тууралуу окуу жайдын башкы катчысы, доцент Октай Өзгүл баяндама жасады.

Ачылыш сѳздѳрүнѳн кийин Түрк дүйнѳсүнѳ кылган эмгеги үчүн университетте эмгектенген гуманитардык факультетинин, түркология бѳлүмүнүн профессору Лайли Үкүбаевага жана синхрондук котормо бѳлүмүнүн ага окутуучусу Мүхиттин Гүмүшкѳ ТҮРКСОЙ эл аралык уюумунун баш катчысы Султан Раев ТҮРКСОЙдун төш белгисин тапшырды.

Ошондой эле бир катар мугалимдер көп жылдык үзүрлүү эмгеги, билим берүү тармагына кошкон салымы, жаш муунду окутуп-тарбиялоодогу жетишкендиктери үчүн Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан “Билим берүүнүн мыктысы” төш белгиси жана Ардак грамоталары менен салтанаттуу түрдө сыйланышты.


Загрузка плеера...


Yıl Sonu Değerlendirme Programı Düzenlendi Yıl Sonu Değerlendirme Programı Düzenlendi Yıl Sonu Değerlendirme Programı Düzenlendi Yıl Sonu Değerlendirme Programı Düzenlendi Yıl Sonu Değerlendirme Programı Düzenlendi Yıl Sonu Değerlendirme Programı Düzenlendi Yıl Sonu Değerlendirme Programı Düzenlendi Yıl Sonu Değerlendirme Programı Düzenlendi Yıl Sonu Değerlendirme Programı Düzenlendi Yıl Sonu Değerlendirme Programı Düzenlendi Yıl Sonu Değerlendirme Programı Düzenlendi Yıl Sonu Değerlendirme Programı Düzenlendi

Комментарий кошуу

или Войдите чтобы каждый раз не вводить данные.
Для того чтобы добавить новость, необходимо представиться