Университетте кан донору болууга үндѳгѳн акция ѳттү
Кыргыз-Түрк “Манас” университетинде 6-8-декабрь күндѳрү “Сиздин каныңыз бир ѳмүрдү сактайт!” урааны менен кан донору болууга үндѳгѳн акция ѳттү. Иш-чара кандын запасын топтоо максатында Республикалык кан куюу борбору менен бирге уюштурулду.
Иш-чарага университеттин академиялык жана административдик кызматкерлери жана студенттер активдүү катышты.
Донорлордон чогултулган кан оор илдетке жана кырсыкка кабылган, кан кѳп жоготкон адамдарга чукул жардам берүүдѳ колдонулат.
Университетте кан донору болууга үндѳгѳн акция ѳттү