4-декабрь - «Манас» эпосунун күнү куттуу болсун! » MANAS TV
Bişkek www booked net
+10°C
FastDL story saver

4-декабрь - «Манас» эпосунун күнү куттуу болсун!



4-декабрь күнү Кыргызстанда "Манас эпосунун күнү" майрамдалат. Бул күн  Кыргыз Республикасынын 2015-жылдын 27-апрелиндеги №259 токтомдун негизинде маданият, маалымат жана туризм министрлигинин ошондой эле өлкө парламентинин демилгеси аркылуу кабыл алынган.  Башкы максаты - "Манас" эпосун улуттук мурас катары сактоо жана жайылтуу, республикада "Манас таанууну" өнүктүрүү жана манасчыларга колдоо көрсөтүү, ошондой эле эпосту даңазалоо.

Кыргыз элинин турмушунун кѳркѳм энциклопедиясы болгон «Манас» эпосунда кыргыз элинин эң байыркы доордон берки басып ѳткѳн тарыхый жолунун урунттуу учурлары боюнча маалыматтар берилет.

Кыргыз эли ѳткѳн миң жылдыктагы адамзаттын дүйнѳлүк маданиятына «Манас» эпосун жаратуу менен чоң салым кошту деп сыймыктануу менен баса белгилесек болот. «Манас» эпосу дүйнѳдѳ теңдешсиз зор кѳлѳмдүү кѳркѳм чыгарма. Манасчы Саякбай Каралаевден жазылып алынган эпостун «Манас», «Семетей», «Сейтек» үч бѳлүм жалпы кѳлѳмү 500 миң сап ырды түзѳт.

Эске салсак, 2013-жылдын 4-декабрында "Манас", "Семетей", "Сейтек" үчилтиги ЮНЕСКОнун "Адамзат маданиятынын материалдык эмес маданий мурастарынын" тизмесине кирген. Ушундан улам 2015-жылы өкмөттүн токтому менен 4-декабрь - “Манас” эпосунун күнү деп жарыяланган.

4 Aralık Manas Destanı Günü

Комментарий кошуу

или Войдите чтобы каждый раз не вводить данные.
Для того чтобы добавить новость, необходимо представиться