КТМУнун изилдөөчүлөрү AD Scientific Indexтин тизмесинде алдыңкы орундарды ээлешти » MANAS TV
Bişkek www booked net
+10°C
FastDL story saver

КТМУнун изилдөөчүлөрү AD Scientific Indexтин тизмесинде алдыңкы орундарды ээлешти



КТМУнун изилдѳѳчүлѳрү AD SCIENTIFIC INDEX 2022-23 Кыргызстандагы тизмеси боюнча алдыңкы даражаларга жетише алды. Бул индекс изилдөөчүлөрдүн илимий өндүрүмдүүлүгүнүн натыйжалуулугун жана кошумча наркын караган классификация жана талдоо системасына негизделген.

Google Scholar маалыматынын негизинде, акыркы беш жыл ичинде индекс изилдөөчүлөрдүн таасирин h-индекс маанисине жараша баалайт. Ал кеминде 10 шилтемеси бар басылмалардын санын билдирген маани.

“Манас” университетинин индексте таанылган изилдөөчүлөрүнүн Кыргызстандагы тизмесинде: гуманитардык факультетинин профессору Күршад Йылмаз биринчи, биология бөлүмүнүн профессору Али Аслан экинчи, ветеринария факультетинин деканынын орун басары, профессор Исмаил Шен тизмеде бешинчи жана университеттин биринчи проректору, профессор Асылбек Кулмырзаев алтынчы орунга чыкты.

Manaslı Akademisyenler “AD Scientific Index” Listesinde En Ön Sırada

Комментарий кошуу

или Войдите чтобы каждый раз не вводить данные.
Для того чтобы добавить новость, необходимо представиться