2022-жылдын 17-октябрында окуу жайдын ректору, профессор Алпаслан Жейлан Түркиянын КТМУга тапшыруу сынагында алгачкы 100 000ге кирген жана Кыргызстанда ЖРТдан эң жогорку упай топтоп, “алтын сертификатка” ээ болуп, Кыргыз-Түрк “Манас” университетин тандаган студенттер менен жолукту.
Жолугушууда ректор студенттердин окууларына мындан ары да ийгиликтер менен жетишкендиктер каалап, мыкты студенттерге университет тарабынан дайыма колдоо кѳрсѳтүлѳрүн айтты.