Главная > Университет > Сынакта жогорку упай топтогон студенттер менен жолугушуу ѳттү
Сынакта жогорку упай топтогон студенттер менен жолугушуу ѳттү17 октябрь, 17:14. Разместил: baris |
|
2022-жылдын 17-октябрында окуу жайдын ректору, профессор Алпаслан Жейлан Түркиянын КТМУга тапшыруу сынагында алгачкы 100 000ге кирген жана Кыргызстанда ЖРТдан эң жогорку упай топтоп, “алтын сертификатка” ээ болуп, Кыргыз-Түрк “Манас” университетин тандаган студенттер менен жолукту. Жолугушууда ректор студенттердин окууларына мындан ары да ийгиликтер менен жетишкендиктер каалап, мыкты студенттерге университет тарабынан дайыма колдоо кѳрсѳтүлѳрүн айтты. Вернуться назад |