“Манас форуму – 2022”: Азиядагы коопсуздук жана бийлик алмашуу » MANAS TV
Bişkek www booked net
+10°C
FastDL story saver

“Манас форуму – 2022”: Азиядагы коопсуздук жана бийлик алмашуу



2022-жылдын 12-октябрында Кыргыз-Түрк “Манас” университетинде “Азиядагы коопсуздук жана бийлик алмашуу” деген темада “Манас  форуму - 2022” иш-чарасы болуп ѳттү.

Форум окуу жайдын жетекчилиги, Түркиянын ЖОЖдорунан келген катышуучулар, университеттин студенттери жана медиа ѳкүлдѳрүнүн катышуусунда ѳтүп, эки ѳлкѳнүн улуттук гимндеринин ойнолушу жана университеттин таанытуу тасмасынын кѳрсѳтүлүшү менен башталды.

Иш-чаранын ачылышында университеттин ректору, профессор Алпаслан Жейлан сѳз сүйлѳдү: “Анталья дипломатиялык форуму” алгачкы болуп 2021-жылдын 10-мартында эки ѳлкѳнүн Тышкы иштер министрлери Руслан Казакбаев жана Мевлүт Чавушоглунун катышуусунда Кыргыз-Түрк “Манас” университетинде ѳткѳн. Форумдун министрлердин катышуусу менен өткөрүлүүсү биз үчүн чоң сыймык..

Билимге салым кошуу – бул ѳлкѳнүн келечегине салым кошуу болуп саналат. “Университеттен да артык...” деп окуу жайыбыздын ураанында айтылгандай, “Манас” университети жаштарга сапаттуу билим жана татыктуу тарбия берип коюу менен гана чектелбестен, пайдалуу иштерди жасап, коомдун жана ѳлкѳнүн ѳнүгүүсүнѳ бараандуу салым кошууну максат кылы келет. Алдыда дагы кѳптѳгѳн пландарыбыз жана долбоорлорубуз бар. Алардын эң алгылыктууларынын бирин айта кетсем, окуу жайыбыз Текнокент мыйзамын иштеп чыгып даярдадык жана аны Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Жапаров Акылбек мырзага тапшырдык. Долбоордун негизи максаты - дүйнѳлүк илимге салым кошуу, Түрк дүйнөсү жана бүткүл адамзатка пайда алып келүү. Мындан ары да “Манас форумуну”иши токтобой улана бермекчи. Келечекте алган билимдерин туура пайдалана билген мыкты элчилер чыгат деп терең ишенебиз, форумдун ишине ийгилик каалайм.”, -деди ректор.

Биринчи проректор, профессор Асылбек Кулмырзаев учурда маанилүү тарыхый окуяларды жашап жатабыз деп, 2-дүйнѳлүк согуштун аякташы менен эл аралык тең салмактуулуктар өзгөрө баштаганын, бул өзгөрүп жаткан чөйрөдө күчтүү орунга ээ болуу үчүн Түрк дүйнөсү болуп көрбөгөндөй биримдикте болушу керектигин баса белгиледи. “Манас форуму” ушул максатты ишке ашырууга салым кошуу максатында уюштурулганын билдирди.

Ошондой эле бул процесске салым кошууда Түрк дүйнөсүнүн университеттеринин жана окумуштуулардын мааниси чоң экенин айтып, студенттерге мындай платформада ѳткѳрүлгѳн иш-чаралар абдан пайдалуу болот деп форумга ийгилик каалады.

Ректордун кеңешчиси, Экономикалык жана башкаруу факультетинин деканынын м.а, профессор Серхат Бурмаоглу форум тууралуу маалымат берди. Ал форумдун алкагында өткөрүлө турган талкуулардын дүйнөдөгү туура саясаттын өнүгүшүнө салым кошоорун каалады.

Иш-чара бир катар жогорку окуу жайлардын ѳкүлдѳрүнүн катышуусунда уланып, кызыктуу баяндамалар, докладдар окулду.


Загрузка плеера...


Форум "Манас 2022" Форум "Манас 2022" Форум "Манас 2022" Форум "Манас 2022" Форум "Манас 2022" Форум "Манас 2022" Форум "Манас 2022" Форум "Манас 2022" Форум "Манас 2022" Форум "Манас 2022" Форум "Манас 2022" Форум "Манас 2022"

Комментарий кошуу

или Войдите чтобы каждый раз не вводить данные.
Для того чтобы добавить новость, необходимо представиться