Университетте 29-май Стамбулду багындыруу күнү белгиленди » MANAS TV
Bişkek www booked net
+10°C
FastDL story saver

Университетте 29-май Стамбулду багындыруу күнү белгиленди



2022-жылдын 30-майында Кыргыз-Түрк “Манас” университетинде “29-май, Стамбулду багындыруу күнүн куттуктоо” иш-чарасы болуп өттү.

Иш-чаранын ачылышында Кыргызстан менен Түркиянын улуттук гимндери жаңырып, мекен үчүн курман болгон бардык шейиттерге багышталып куран окулду.

Бир доор бүтүп, жаңы доор башталган 29-май күнү тарыхка тамга баскан маанилүү күн экенин белгилеген ректор, профессор Алпаслан Жейлан: “ Тарых – бул улуу устат, ошондуктан тарыхты түбүнө түнөп үйрөнгүлө. “Фатих Султан Мехмет хан Стамбулду душмандан бошотоор алдында: “Же Стамбул мени алат, же мен Стамбулду алам”.-дегени бар. Стамбулду биз алдык, бирок согуш токтой элек. Биз душмандар менен саясий, экономикалык жактан дагы деле салгылашуудабыз. Дагы деле аскерлер окко учуп жатышат. Мекенибизди коргоо үчун байрагыбыз канга боелуп келет. Бул аракеттерибиздин  акыбети кайтып, Түрк эли бул жолу да жеңишке жетээрине ишенем”,-деди.

Иш-чара университеттин “Түрк Дүйнөсү” оркестри жана көркөм өнөр факультети тарабынан даярдалган “Кѳңүлдѳрдү багынтуу” аталышында концерттик программа менен соңуна чыкты.

Эске салсак, 1453-жылы 29-май күнү 54 күндүк кыл чайнашкан кармаштан соң  Осмон аскерлери Византия империясынын борбору Стамбулду (Константинополь) багындырып алышкан.


Загрузка плеера...


Manas’ta İstanbul’un Fethinin 569. Yıl Dönümü Kutlandı Manas’ta İstanbul’un Fethinin 569. Yıl Dönümü Kutlandı Manas’ta İstanbul’un Fethinin 569. Yıl Dönümü Kutlandı Manas’ta İstanbul’un Fethinin 569. Yıl Dönümü Kutlandı Manas’ta İstanbul’un Fethinin 569. Yıl Dönümü Kutlandı Manas’ta İstanbul’un Fethinin 569. Yıl Dönümü Kutlandı Manas’ta İstanbul’un Fethinin 569. Yıl Dönümü Kutlandı Manas’ta İstanbul’un Fethinin 569. Yıl Dönümü Kutlandı

Комментарий кошуу

или Войдите чтобы каждый раз не вводить данные.
Для того чтобы добавить новость, необходимо представиться