Кыргызстандын эӊ ийгиликтүү интернет дүкөнү студенттерибизге семинар өткөрдү.
23 мартта Компьютер инженериясы бөлүмүнүн окуучулары үчүн www.svetofor.info интернет-магазининин өкүлдөрү тарабынан “Комплекстүү аналитика жана веб сайтты оптимизациялоо” аттуу семинар өткөрүлдү. Семинарда Фариза Чилмергенова (Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин бүтүрүүчүсү, азыркы кезде www.svetofor.info интернет-магазининин ишкери) интернет-магазиндин тажрыйбасы менен бөлушүп, веб-сайтты иштетүүдө чечимдерди кабыл алууга жардам берүүчү куралдар тууралуу айтып берди. Андан тышкары, окуучулар веб-сайт издөө системдеринде оңой табылышы үчүн керектүү иш-аракеттер жана эрежелер менен тааныштырылды.
Семинардын жыйынтыгында Кыргыз-Түрк “Манас” университети менен www.svetofor.info интернет-магазининин өкүлдөрү тарабынан веб-технологиялары тууралуу мындан тышкары дагы семинарларды өткөрүү макулдашылды.
Радио-ТВ мүдүрлүгү,
ММК жана коомчулук менен байланыш бюросу