Светофор- студенттерибизге семинар өткөрдү. » MANAS TV
Bişkek www booked net
+10°C
FastDL story saver

Светофор- студенттерибизге семинар өткөрдү.

Кыргызстандын эӊ ийгиликтүү интернет дүкөнү студенттерибизге семинар өткөрдү.



23 мартта Компьютер инженериясы бөлүмүнүн окуучулары үчүн www.svetofor.info интернет-магазининин өкүлдөрү тарабынан “Комплекстүү аналитика жана веб сайтты оптимизациялоо” аттуу семинар өткөрүлдү. Семинарда Фариза Чилмергенова (Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин бүтүрүүчүсү, азыркы кезде www.svetofor.infoинтернет-магазининин ишкери) интернет-магазиндин тажрыйбасы менен бөлушүп, веб-сайтты иштетүүдө чечимдерди кабыл алууга жардам берүүчү куралдар тууралуу айтып берди. Андан тышкары, окуучулар веб-сайт издөө системдеринде оңой табылышы үчүн керектүү иш-аракеттер жана эрежелер менен тааныштырылды.

Семинардын жыйынтыгында Кыргыз-Түрк “Манас” университети менен www.svetofor.info интернет-магазининин өкүлдөрү тарабынан веб-технологиялары тууралуу мындан тышкары дагы семинарларды өткөрүү макулдашылды.

 

Радио-ТВ мүдүрлүгү,
ММК жана коомчулук менен байланыш бюросу

Светофор- студенттерибизге семинар өткөрдү.

Добавление комментария

или Войдите чтобы каждый раз не вводить данные.
Для того чтобы добавить новость, необходимо представиться