Кадыр түн кечеси уюштурулду » MANAS TV
Bişkek www booked net
+10°C
FastDL story saver

Кадыр түн кечеси уюштурулду

Кадыр түн майрам!



Ислам динин туткан элдердин арасында, Кадыр түн майрам. Бул түндү жер жүзүндѳгү миллиарддаган мусулмандар күтүшѳт. Анткени бул түн 1 жылда бир гана жолу келип, анын баалуулугy 83 жылга тете.

Куттуу күндү утурлай 27-апрель күнү университеттин теология факультети жана Түркиянын Кыргызстандагы элчилигинин Дин иштери боюнча кеңешчилиги менен биргеликте “Кадыр түн кечеси” уюштурулду.

Абдулкерим Сатук Бугра Хан атындагы мечитинде ѳткѳн иш-чарага университеттин ректору, профессор Алпаслан Жейлан жана Түркиянын Кыргызстандагы элчилигинин Дин иштери боюнча кеңешчиси Мюрсел Өзтүрк катышты.

Аялдар үчүн уюштурулган программа Курани Карим окуу менен башталып, куттуктоо сөздөрү айтылды.

Куттуктоо сѳзүндѳ университеттин ректору, профессор Алпаслан Жейлан мындай деди: “Миң айдан да куттуу болгон Кадыр түн кечеси куттуу болсун. Бул куттуу түн Түрк дүйнөсүнө, Ислам ааламына жана бүткүл адамзатка береке алып келсин жана Аллахтан баарыңардын каалоо-тилектериңер кабыл болушун тилейм”.

Түркиянын Кыргызстандагы элчилигинин Дин иштери боюнча кеңешчиси Мүрсел Өзтүрк: «Рамазан айы чындыгында ибадаттар топтолгон кереметтүү, кемчиликсиз бир ай. Кадыр түн бардыгыбызга кут жана береке алып келсин.»,- деди.

Теология факультетинин деканынын м.а., профессор Кемал Полат ар бир кече кадыр түн сыяктуу жакшы, берекелүү жана бейпил болушун каалады..

Куттуктоо сѳздѳрүнѳн кийин гуманитардык факультетинин тарых бѳлүмүнүн доценти Незахат Жейландын жетекчилигинде илимий жыйын ѳттү.

Жыйында теология факультетинин Ислам илимдери кафедрасынын окутуучусу Миргүл Бекмурзаева, “Рамазан жана намаз”;  Дин таануу бөлүмүнүн илимий кызматкери Жазгүл Жолалиева  “Рамазан жана тарбия”; Сатук Бугра Хан мечитинин дааватчысы Айше Йүксек, “Кадыр түн жана анын мааниси”; Куран курсунун окутуучусу Халиме Татлы «Аян жана адам» деген темада баяндама жасашты.


Загрузка плеера...


Kadir Gecesi Programı Düzenlendi Kadir Gecesi Programı Düzenlendi Kadir Gecesi Programı Düzenlendi Kadir Gecesi Programı Düzenlendi Kadir Gecesi Programı Düzenlendi Kadir Gecesi Programı Düzenlendi Kadir Gecesi Programı Düzenlendi Kadir Gecesi Programı Düzenlendi

Комментарий кошуу

или Войдите чтобы каждый раз не вводить данные.
Для того чтобы добавить новость, необходимо представиться