Гапар Айтиев атындагы музейде сүрѳт көргөзмөсү ѳтүүдѳ » MANAS TV
Bişkek www booked net
+10°C
FastDL story saver

Гапар Айтиев атындагы музейде сүрѳт көргөзмөсү ѳтүүдѳ



2022-жылдын 19-апрелинде Гапар Айтиев атындагы Кыргыз улуттук сүрѳт музейинде “Жаз. Тынчтык. Кыргызстан” аттуу көргөзмө ачылды.

Кыргыз Республикасынын Дизайнерлер чыгармачыл союзу тарабынан уюштурулган иш-чарага Бишкектеги жетиге жакын жогорку окуу жайлардын, анын ичинде Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин көркөм өнөр факультетинин окутуучулары жана студенттери да автордук эмгектери менен катышты.

Иш-чаранын ачылышына университеттин биринчи проректору, профессор Асылбек Кулмырзаев катышып,  “Манас” университети маданият менен искусствого ар дайым колдоо кѳрсѳтѳѳрүн белгиледи.

Мындан тышкары көркөм өнөр факультетинин графика бөлүмүнүн ага окутуучусу Айтбүбү Бадахшанова да жеке көргөзмөсү менен катышты. Ошондой эле живопись жана графика бөлүмүнүн студенттеринин эмгектеринин  коллективдүү көргөзмөсү да коюлду.

Аталган көргөзмө 2022-жылдын 29-апрелине чейин уланат.

Manaslılar’ın Eserleri Gapar Aytiyev Müzesi’nde Sergileniyor Manaslılar’ın Eserleri Gapar Aytiyev Müzesi’nde Sergileniyor Manaslılar’ın Eserleri Gapar Aytiyev Müzesi’nde Sergileniyor Manaslılar’ın Eserleri Gapar Aytiyev Müzesi’nde Sergileniyor Manaslılar’ın Eserleri Gapar Aytiyev Müzesi’nde Sergileniyor Manaslılar’ın Eserleri Gapar Aytiyev Müzesi’nde Sergileniyor

Комментарий кошуу

или Войдите чтобы каждый раз не вводить данные.
Для того чтобы добавить новость, необходимо представиться