Үстүбүздѳгү жылдын 31-мартында университеттин ректор кенешчиси, экономика жана башкаруу факультетинин деканынын м.а., профессор Серхат Бурмаоглу, эл аралык мамилелер бөлүмүнүн башчысы, доцент Мехмет Эмин Эрендор жана эл аралык мамилелер бөлүмүнүн ага окутуучусу Алтынбек Жолдошов «Манас» жана Чыңгыз Айтматов улуттук академиясынын жетекчилери менен жолугушту.
Жолугушуунун жүрүшүндѳ тараптар эки окуу жай ортосундагы кызматташуу мүмкүнчүлүктѳрү тууралуу сүйлѳшүштү.