«Манаска» Орхун алмашуу программасы менен студенттер келишти » MANAS TV
Bişkek www booked net
+10°C
FastDL story saver

«Манаска» Орхун алмашуу программасы менен студенттер келишти



2022-жылдын 24-мартында Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин ректору, профессор Алпаслан Жейлан жана биринчи проректор, профессор Асылбек Кулмырзаев КТМУга Орхон студент алмашуу программасы менен билим алууга келген студенттерди тосуп алышты.

Жолугушууда университеттин жетекчилери студенттер менен таанышып, окуу жайда түзүлгѳн мүмкүнчүлүктѳрдү жана убакытты туура пайдалангыла деген кеңешин беришти.

Орхун алмашуу программасы – Түрк кеӊешине мүчө өлкөлөр арасында жогорку билим берүү тармагында кызматташтык жүргүзүү максатында курулган “Түрк университеттер биримдигинин” негизинде студент жана окутуучу алмашуу мүмкүнчүлүгү.


Загрузка плеера...



Комментарий кошуу

или Войдите чтобы каждый раз не вводить данные.
Для того чтобы добавить новость, необходимо представиться