Главная > Университет > «Манаска» Орхун алмашуу программасы менен студенттер келишти
«Манаска» Орхун алмашуу программасы менен студенттер келишти24 март, 15:29. Разместил: baris |
|
2022-жылдын 24-мартында Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин ректору, профессор Алпаслан Жейлан жана биринчи проректор, профессор Асылбек Кулмырзаев КТМУга Орхон студент алмашуу программасы менен билим алууга келген студенттерди тосуп алышты. Жолугушууда университеттин жетекчилери студенттер менен таанышып, окуу жайда түзүлгѳн мүмкүнчүлүктѳрдү жана убакытты туура пайдалангыла деген кеңешин беришти. Орхун алмашуу программасы – Түрк кеӊешине мүчө өлкөлөр арасында жогорку билим берүү тармагында кызматташтык жүргүзүү максатында курулган “Түрк университеттер биримдигинин” негизинде студент жана окутуучу алмашуу мүмкүнчүлүгү. Вернуться назад |