Ийгиликтүү ишкер айымдар менен жолугушуу » MANAS TV
Bişkek www booked net
+10°C
FastDL story saver

Ийгиликтүү ишкер айымдар менен жолугушуу



Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин “Elab” студенттик клубунун уюштуруусунда Кыргызстандагы ийгиликтүү ишкер айымдар менен жолугушуу иш-чарасы ѳттү.

Иш-чара 10-мартта К.Тыныстанов атындагы жыйындар залында ѳтүп, ага университеттин ректору, профессор Алпаслан Жейлан, гуманитардык факультетинин деканынын м.а., профессор Ахмет Беше жана экономика жана башкаруу факультетинин деканынын м.а., профессор Серхат Бурмаоглу катышты.

Ректор кеңешчиси, профессор Анаркүл Урдалетова модераторлук кылган иш-чарада гуманитардык факультетинин тарых бөлүмүнүн окутуучусу, доцент Незахат Жейлан жана ишкер айымдар: “Lucky Socks” компаниясынын негиздөөчүсү Кундуз Асаналиева, “Ислам” журналынын башкы редактору Элиана Марьям Сатарова, “Quartet” компаниясынын негиздөөчүсү Асель Абыкеева жана “Ask Consulting” компаниясынын аткаруучу директору жана маркетолог Айзирек Мухтарбек кызы ар бири өздөрү аткарган иштери боюнча баяндама жасашты.

Иш-чарада университеттин ректору ишкерликке аралашкан аялдардын саны ѳсүп жатканын жана ѳлкѳ экономикасын кѳтѳрүүдѳ аялдардын орду чоң экенин баса белгилеп, иш-чаранын уюштуруучуларына ыраазычылык билдирди.


Загрузка плеера...


Başarılı Kadın Girişimcilerle Buluşma Başarılı Kadın Girişimcilerle Buluşma Başarılı Kadın Girişimcilerle Buluşma Başarılı Kadın Girişimcilerle Buluşma Başarılı Kadın Girişimcilerle Buluşma Başarılı Kadın Girişimcilerle Buluşma Başarılı Kadın Girişimcilerle Buluşma Başarılı Kadın Girişimcilerle Buluşma Başarılı Kadın Girişimcilerle Buluşma Başarılı Kadın Girişimcilerle Buluşma

Комментарий кошуу

или Войдите чтобы каждый раз не вводить данные.
Для того чтобы добавить новость, необходимо представиться