Түрк дүйнөсүнө кылган кызматы үчүн ыраазычылык » MANAS TV
Bişkek www booked net
+10°C
FastDL story saver

Түрк дүйнөсүнө кылган кызматы үчүн ыраазычылык



Үстүбүздѳгү жылдын 1-2-мартында Кыргыз-Түрк «Манас» университети тарабынан жүргүзүлгѳн «Түрк дүйнөсүнүн санарип жарандыгы» долбооруна салым кошкон университеттин академиялык жана административдик кызматкерлерине «Түрк дүйнөсүнө кылган кызматы үчүн» ыраазычылык баракчасы тапшырылды.

Ыраазычылык билдирүү иш-чарасы долбоордун координатору, университеттин башкы катчысынын м.а., доцент Октай Өзгүл тарабынан уюштурулду.

Иш-чарада университеттин ректору, профессор Алпаслан Жейлан, биринчи проректор, профессор Асылбек Кулмырзаев жана башкы катчынын м.а., доцент Октай Ѳзгүл «Түрк дүйнөсүнүн санарип жарандыгы» долбоорунун  биринчи жарым жылдыгы ийгиликтүү ѳткѳнүн белгилеп, долбоордун жүрүшүнѳ салымын кошкон ар бир кызматкерге ыраазычылык билдиришти.

Эске салсак, «Түрк дүйнөсүнүн санарип жарандыгы» долбоорунун биринчи жарым жылдыгы үстүбүздѳгү жылдын январь айында жыйынтыкталган. Долбоордун жыйынтыктоочу сабагы Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Азамат Жаманкуловдун катышуусунда ѳткѳн. Сабактар университеттин "Медиа Манас" борбору тарабынан түз эфирде жүргүзүлүп, ага 9 ѳлкѳдѳн 76 университет, жалпы 3500 студент катышкан.

Аталган долбоор 2021-жылдын 28-майында 71 университеттин ректорлорунун катышуусунда кызматташтык келишимин түзүү менен башталган. Алгачкы сабак 15-октябрда университеттин ректору, профессор Алпаслан Жейлан жана биринчи проректор, профессор Асылбек Кулмырзаев тарабынан берилген. 

«Түрк дүйнөсүнүн санарип жарандыгы» баарлашууларына Косово Республикасынын аймактык өнүгүү министри Фикрим Дамка жана Түрк тил коомунун президенти, профессор Гүрер Гүлсев да катышкан.

Долбоордун алкагында “Манас” университетинин окутуучулулары тарабынан 14 жума бою сабактар өткөрүлдү. Кийинки сабактар 2021-2022-окуу жылынын жазгы семестринде Түркиянын Амасья университетинин окутуучулары тарабынан улантылат.

 


Загрузка плеера...


Türk Dünyası Hizmet Belgesi Takdim Töreni Düzenlendi Türk Dünyası Hizmet Belgesi Takdim Töreni Düzenlendi Türk Dünyası Hizmet Belgesi Takdim Töreni Düzenlendi Türk Dünyası Hizmet Belgesi Takdim Töreni Düzenlendi Türk Dünyası Hizmet Belgesi Takdim Töreni Düzenlendi Türk Dünyası Hizmet Belgesi Takdim Töreni Düzenlendi Türk Dünyası Hizmet Belgesi Takdim Töreni Düzenlendi

Комментарий кошуу

или Войдите чтобы каждый раз не вводить данные.
Для того чтобы добавить новость, необходимо представиться