Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин ветеринардык факультетинин 1-курсунун студенти, "Манас" радиосунун ди-джейи Элдияр Асылбеков, Эне тилдин эл аралык күнүнө карата, Бишкек шаарындагы ЖОЖдор аралык "Сабаттуу жазуу - заманбап жашоо талабы" аттуу мамлекеттик тилде жат жазуу боюнча чемпионатта биринчи орунду ээледи.
Чемпионат, Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиясынын көзөмөлүндө, Билим берүүдөгү заманбап информациялык технологиялар институту (ББЗИТИ) тарабынан 2022-жылдын 28-февралында уюштурулду.
Жалпы 14 университеттен 28 студент катышып жыйынтыгында, Элдиярдын жат жазуусу "эң жакшы" деп бааланып, ББЗИТИнин диплому аны менен катар эле тил комиссиясынын диплому менен сыйланды.
Аны чемпионатка Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин кыргыз тили жана адабияты мугалими Мира Ибраева жетектеп барган.