ТОПУРАК ЖАНА ПЕСТИЦИДДЕР » MANAS TV
Bişkek www booked net
+10°C
FastDL story saver

ТОПУРАК ЖАНА ПЕСТИЦИДДЕР

      20-кылымдын 1945-жылынан бери Органикалык синтез жолу менен өндүрулгөн химиялык уу кошулмалар: пестициддер (инсектициддер, акарициддер, фунгициддер, бактерициддер) жана гербициддер айыл чарба өсүмдүктөрүнүн түшүмдүүлүгүн жана сапатын коргоо үчүн дыйкандар тарабынан кеңири колдонулуп келе жатат.

       Органикалык синтез жолу менен алынган препараттардын пайда болушу , алардын кеңири практикага киргизилиши менен, жалаң гана химиялык күрөш менен кыска мөөнөт ичинде өсүмдүктү коргоонун бардык проблемаларын чечүүгө болот деген ишеним пайда болгон. Бирок бара бара пестициддерди колдонуудан келип чыккан терс кесепеттер жөнүндө коркунучтуу маалыматтар топтоло баштаган.



       Бүгүнкү "ТЕМА" көрсөтүүбүздүн коногу, биология илимдеринин доктору, профессор Тинатин Дөөлөткелдиева дал ушул топурактын асылдуулугун жокко чыгарган химиялык кошулмасы бар уулуу зат - "пестициддер" тууралуу баяндады.

       Аталган химиялык заттарды ашыкча колдонуу жана алардын айлана-чөйрөдө узак убакыт бою сакталышы олуттуу көйгөйлөрдү жаратаарын, тактап айтканда, топурактын, суунун жана абанын булганышын шарттап, экосистемага жана жаратылыштагы азык чынжырына зыяндуу таасирин тийгизээрин  белгиледи. 

       Пестициддерди дайыма колдонуу чаңдаткыч пайдалуу курт-кумурскаларга, алардын ичинде аарыларга өтө оор ууландыраарын, топурактардын коргоочу потенциалын төмөндөтөтүп булгай турганын, топурак аркылуу булгоочу заттар жер астындагы сууларга кириши мүмкүн экенин; андан кийин алар өсүмдүктөрдүн ткандарында чогулуп, жаныбарларга, канаттууларга жана акырында бул өсүмдүктөр менен жаныбарларды жеген адамдарга жетээрин айтып өттү.

 

       МедиаМанас-2022, Жылдызбек Турсунбаев


Загрузка плеера...


ТОПУРАК ЖАНА ПЕСТИЦИДДЕР ТОПУРАК ЖАНА ПЕСТИЦИДДЕР ТОПУРАК ЖАНА ПЕСТИЦИДДЕР

Комментарий кошуу

или Войдите чтобы каждый раз не вводить данные.
Для того чтобы добавить новость, необходимо представиться