Главная > Новости "Медиа Манас" > ТОПУРАК ЖАНА ПЕСТИЦИДДЕР

ТОПУРАК ЖАНА ПЕСТИЦИДДЕР


1 марта, 16:50. Разместил: Jyldyzbek

       Бүгүнкү "ТЕМА" көрсөтүүбүздүн коногу, биология илимдеринин доктору, профессор Тинатин Дөөлөткелдиева дал ушул топурактын асылдуулугун жокко чыгарган химиялык кошулмасы бар уулуу зат - "пестициддер" тууралуу баяндады.

       Аталган химиялык заттарды ашыкча колдонуу жана алардын айлана-чөйрөдө узак убакыт бою сакталышы олуттуу көйгөйлөрдү жаратаарын, тактап айтканда, топурактын, суунун жана абанын булганышын шарттап, экосистемага жана жаратылыштагы азык чынжырына зыяндуу таасирин тийгизээрин  белгиледи. 

       Пестициддерди дайыма колдонуу чаңдаткыч пайдалуу курт-кумурскаларга, алардын ичинде аарыларга өтө оор ууландыраарын, топурактардын коргоочу потенциалын төмөндөтөтүп булгай турганын, топурак аркылуу булгоочу заттар жер астындагы сууларга кириши мүмкүн экенин; андан кийин алар өсүмдүктөрдүн ткандарында чогулуп, жаныбарларга, канаттууларга жана акырында бул өсүмдүктөр менен жаныбарларды жеген адамдарга жетээрин айтып өттү.

 

       МедиаМанас-2022, Жылдызбек Турсунбаев

 

 


Вернуться назад