Ректор № 71-мектеп-интернатына барды » MANAS TV
Bişkek www booked net
+10°C
FastDL story saver

Ректор № 71-мектеп-интернатына барды



Үстүбүздѳгү жылдын 25-февралында Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин ректору, профессор Алпаслан Жейлан Бишкек шаарындагы Тоголок Молдо атындагы № 71 жалпы билим берүүчү мектеп-интернатына барып, окуучулар менен жолугуп келди.

Ректор менен бирге гуманитардык факультетинин тарых бѳлүмүнүн доценти Незахат Жейлан, ректордун кеңешчиси жана математика бөлүмүнүн башчысы, профессор Анаркүл Урдалетова, Бүтүрүүчүлөр Ассоциациясынын жетекчиси жана кесиптик жогорку мектебинин мүдүрүнүн орун басары Серхат Атмажа да барды.

Ректор балдардын жашоо жана окуу шарттары менен таанышты. Ал балдар, мугалимдер менен баарлашып, алардын ой-максаттарын, келечекке койгон пландарын укту. Ошондой эле мектептин муктаждыгына колдоо кѳрсѳтѳѳрүн айтты.

Иш сапардын жүрүшүндө мектептин мүдүрү Эркинбек Абдыкадыров мектеп тууралуу маалымат берип, ал ѳзү да КТМУнун бүтүрүүчүсү экенин жана университеттен алган билими, тажрыйбасы ишине чоң жардам берип жатканын айтты.

Ошондой эле Э.Абдыкадыров мектепте жетим балдар да билим алып, тамак-аш, турак-жай муктаждыктары менен камсыздалганын жана алар үчүн атайы кесиптик курстар ачылып жатканын билдирди.

Жолугушууда мектептин мугалимдери жана окучуулары ректорго ыраазычылык билдиришти.


Загрузка плеера...


Rektör Prof. Dr. Ceylan 71. Okulu Ziyaret Etti Rektör Prof. Dr. Ceylan 71. Okulu Ziyaret Etti Rektör Prof. Dr. Ceylan 71. Okulu Ziyaret Etti Rektör Prof. Dr. Ceylan 71. Okulu Ziyaret Etti Rektör Prof. Dr. Ceylan 71. Okulu Ziyaret Etti Rektör Prof. Dr. Ceylan 71. Okulu Ziyaret Etti Rektör Prof. Dr. Ceylan 71. Okulu Ziyaret Etti Rektör Prof. Dr. Ceylan 71. Okulu Ziyaret Etti Rektör Prof. Dr. Ceylan 71. Okulu Ziyaret Etti

Комментарий кошуу

или Войдите чтобы каждый раз не вводить данные.
Для того чтобы добавить новость, необходимо представиться