Семинар: “Түркия стипендиялары-2022” » MANAS TV
Bişkek www booked net
+10°C
FastDL story saver

Семинар: “Түркия стипендиялары-2022”



10-февралда кесиптик жогорку мектеби тарабынан “Түркия стипендиялары-2022” темасында онлайн семинар болуп өттү.

Кесиптик жогорку мектептин мүдүрү, доцент Махмут Вурал Түркияда билим алууну каалаган жаштар кѳп экенин жана семинарда студенттер Түркияда окуу мүмкүнчүлүгүн берген Түркия стипендияларына кантип тапшыруу керектиги тууралуу кенен маалымат алышаарын айтып, семинардын ишине ийгилик каалады.

Ошондой эле техникалык программалары бөлүмүнүн башчысы, доцент Абдуллах Эрдал Түмер семинар тууралуу кыскача маалымат бергенден кийин, Чет өлкөлүк түрктөр жана тектеш коомчулуктар башкармалыгынын адиси Салиха Дурсун Түркия стипендияларына тапшыруунун жолдору, мүмкүнчүлүктөрү, шарттары жана талаптары тууралуу кенениреек маалымат берип, студенттердин суроолоруна жооп берди.

 

Түркия стипендияларына тапшыруу боюнча кенениреек маалыматты тѳмѳнкү шилтемеден окуй аласыз:

https://www.turkiyeburslari.gov.tr/duyurular/turkiye-burslari-2022-basvurulari-19

Türkiye Bursları Semineri Düzenlendi Türkiye Bursları Semineri Düzenlendi Türkiye Bursları Semineri Düzenlendi Türkiye Bursları Semineri Düzenlendi Türkiye Bursları Semineri Düzenlendi

Комментарий кошуу

или Войдите чтобы каждый раз не вводить данные.
Для того чтобы добавить новость, необходимо представиться