Түркия жогорку коопсуздук стандарттары түзүү менен 2021-жылдын жайкы сезонуна даяр » MANAS TV
Bişkek www booked net
+10°C
FastDL story saver

Түркия жогорку коопсуздук стандарттары түзүү менен 2021-жылдын жайкы сезонуна даяр



Дүйнөдө алгачкылардан болуп “Коопсуз туризмди сертификаттоо программасын” баштаган Түркия, күчөтүлгөн алдын алуу чаралары менен 2021-жылынын жайкы сезонуүчүн кызуу даярдык кылды. 2020-жылдын июнь айында Түркия тарабынан демилгеленип, аэропорттордон тартып транспорттук каражаттарга чейин, конок жайларынан тамактануу жайларына чейинки коноктор бара турган бардык жерлерди саламаттык сактоо жагынан шайкештигин документтештирген Коопсуз Туризм Сертификатын күчүнө киргизип, аталган сертификатты бул жылы да 9800дөн ашуун объектилер жана автоунаалар алды. Мунун менен катар Түркияда 2021-жылдан тартып бул сертификатты 30 же андан ашык орундуу бардык мейманканалар алууга милдеттүү экендиги тиешелүү бардык мекемелерге билдирилип, талап кылынды. Ошондой эле улуттук эмдөө программасында туризм кызматкерлерине артыкчылык берип, жогорку коопсуздук стандарттары менен 2021-жылдын жай мезгили үчүн мыкты даярданды.

Түркия Республикасынын Маданият жана Туризм Министри Мехмет Нури Эрсой, 21-23-май күндөрү Түркиядагы чет өлкөлүк миссиянын элчилерин Анталия шаарында коноктоду. Аталган иш-чарада 2021-жылдын жайкы сезонго даярдыктары жөнүндө маалымат берген Министр Эрсой, төмөндөгүлөргө токтолуп өттү: “Түркия дүйнөдө биринчилерден болуп 2020-жылдын июнь айында Коопсуз туризм сертификатын берди. 2020-жылы биз өлкөбүздө 16 миллион конокту кабыл алдык. Өткөн жылы биз үчүн конокторубуздун саламаттыгы жана коопсуздугу биринчи кезектеги милдетибиз болду. Коопсуз, натыйжалуу жана ирээттүү практикага жана алдын алуу чараларына өзгөчө басым жасаган сертификаттоо программасы, дүйнөлүк аренада өз тармагындагы эң ийгиликтүү иштерден бири деп эсептелди жана анын натыйжасында сезонду ийгиликтүү өткөрдүк. Биринчиден, 30 жана андан көп орундуу жайгаштыруучу жайларына сертификаттоо программасынан өтүүнү милдеттүү кылып, сертификат алгандан кийинки иштерин да программанын алкагында көзөмөлдү күчөттүк. Ал эми улуттук эмдөө программабыздан ушул күнгө чейин 27 миллиондон ашык жараныбызга эмдөө кылынды. Туризм тармагынын кызматкерлерине артыкчылык берген эмдөө программасы болсо июнь айында да тездик менен улантыла бермекчи”, - деди.

2021-жыл – Түркия туризми үчүн коопсуз жыл болот

Сөздөрүнө улай, Министр Эрсой: “Өткөн жылы коопсуз туризм жаатында алдыңкылардан болдук. 2021-жылы болсо, эмдөө программасы ишке ашып жаткандыктан, дагы да коопсуз бир жыл болот. Туризм тармагынын эмдөөдөн өткөн кызматкерлери менен катар,  өлкөбүздүн булуң-бурчунан эл аралык коопсуздук сертификатын алган 10000 ден ашуун туристтик жайларыбыз менен туризм сезонуна даярбыз”, - деди.

Алдын алуу чаралары боюнча элчилер таанышып чыгышты

Түркия Республикасынын Маданият жана Туризм Министрлиги менен Түркиянын Туризмди Таанытуу жана Өнүктүрүү Агенттиги (TGA), чет өлкөлүк дипломатиялык өкүлчүлүктөрдүн элчилерин Антальяда уюштурган “Коопсуз туризм” аттуу иш-чарада конок кылышты. Түркиянын Маданият жана Туризм Министри Мехмет Нури Эрсой иш-чарада сүйлөгөн сөзүндө, Түркияда иштеп жаткан чет мамлекеттин өкүлдөрүнүн Түркиянын коопсуз туризм жаатында аткарып жаткан бардык иш-чараларын өздөрүнүн өлкөсүндө тажрыйба кылууну максат кылып жатышкандыгын билдирди.

Түркия тууралуу маалымат:

Географиялык аймагы боюнча, Жер Ортолук деңизинде жайгашып, белгилүү Босфор кысыгы аркылуу Азия жана Европа континенттерин бириктирип турган Түркия, өткөн жылы 50 миллиондон ашуун турист келген уникалдуу аймак. Ал ар дайым маданий айкалышуунун борбору болуп келген жана ар кандай климаттык шарттары менен айырмаланып турат. Түркиянын конокторду өзүнүн тарыхы, жаратылышы жана цивилизациялардын ар түрдүүлүгүн чагылдырган гастрономиясы эч кимди кайдыгер калтырбайт. Маданияттардын жуурулушкан жеринде жайгашкандыктан, салттык жана заманбап түшүнүктүн синтезинен жаралган искусство жана мода жөнүндө өзгөчө тажрыйбага ээ жана өтө динамикалуу соода жана көңүл ачуу жашоосу дүйнө жүзүнүн конокторун өзүнө тартып турат. Түркия жөнүндө кененирээк маалымат алуу үчүн https://www.goturkiye.com/ дарегине кириңиз.

Турция, с высокими стандартами безопасности готова к лету 2021 года Турция, с высокими стандартами безопасности готова к лету 2021 года Турция, с высокими стандартами безопасности готова к лету 2021 года

Комментарий кошуу

или Войдите чтобы каждый раз не вводить данные.
Для того чтобы добавить новость, необходимо представиться