Дүйнөлүк музыка сүйүүчүлөрү Анкарада эң жаңы музыкалык кампус менен таанышат » MANAS TV
Bişkek www booked net
+10°C
FastDL story saver

Дүйнөлүк музыка сүйүүчүлөрү Анкарада эң жаңы музыкалык кампус менен таанышат



Борбор калаа Анкарада, көптөн күткөн заманбап концерттик залдын салтанаттуу ачылышы болот. Аталган концерттик залдын ачылышы Түркия Республикасынын негизделген күнүнүн урматына 29-30-октябрь күндөрү өткөрүлөт.
Дүйнөгө аттын кашкасында таанымал сопрано Анджела Георгиу жана дүйнөнүн эң мыкты пианино дуэттеринен бири бир тууган Гюхер жана Сухер Пекинель,  дирижер Джеми Джан Делиормандын жетекчилиги астында Президенттик симфониялык оркестр, жаңы солисттери менен биргеликте музыка сүйүүчүлөрүнө майрамдык маанай тартуулайт.
Анкаранын так ортосунда жайгашкан, Анкара Сепили менен Анткабирдин ортосунан даана көрүнгөн музыкалык кампустун чыгармачыл жамааты 1826-жылы түзүлгөн жана дүйнөдөгү эң байыркы оркестраларынан бири болгон Президенттик Симфониялык Оркестрасынын коштоосунда дүйнөнүн төрт бурчунан келген оркестраларды жана солистерди конок кылат.
Болжол менен 83 миллион Евро сарпталган музыкалык кампуста, 2023 орундуу “Чоң зал”, 500 орундуу “Көк зал”, жана 600 кишилик “Тарыхый Президенттик  симфониялык оркестр залы”, ресторандар, музей жана ачык асман аянттары жайгашкан. Аталган музыкалык кампус жакында маданият жана искусство сүйүүчүлөрүнүн жолугушуу борборуна айланат.
1826-жылдан тартып ушул мезгилге чейин келечекти курган, каада-салтты уланткан...
Дүйнөдөгү эң алдынкы оркестрлердин арасында кадыр-баркка ээ Түркиянын Президенттик симфониялык оркестри 1826-жылы Джузеппе Доницетти тарабынан түзүлгөн.
Президенттик симфониялык оркестрдин көркөм жетекчиси жана биринчи дирижеру Джеми Делиорман:“Зал укмуштуудай кооз жана укмуштуу акустикалык ыңгайлуулукка ээ; ушул залда оркестр, дүйнөнүн алдыңкы оркестрлери менен теңтайлаша тургандай тажрыйбага ээ болот”, - деген.  
2017- жылы бүтүрүлгөн Гамбургдагы Эльбфилармония концерттик залынан кийин ачылган эң биринчи Президенттик симфониялык оркестрдик концерттик зал өзүнүн архитектуралык, искусстволук жана социалдык жакындашуусу жагынан дүйнөдөгү музыка сүйүүчүлөрүнө чоң пайда алып келет.
Имаратка, белгилүү бир мөөнөттөн кийин модасы өткөн дизайн менен эмес, убакыттын өтүшү менен эскирбей турган символикалык архитектура колдонулган.  Бул архитектуралык форма сууунун ортосунда жайгашып, ортосунда курч айнек үч бурчтугу жана тунук эмес айнек менен капталган эки тоголоктон туруп, монументалдуу жана көөнөрбөс дизайндык чеберчиликке ээ экендиги көрүнүп турат.
Имараттын акустикасы Фраунгофердин Курулуш Физикасы Институту жана профессор В.Фасольддун кеңеши менен жасалган.

В Анкаре для меломанов музыки открывается новый Концертный зал В Анкаре для меломанов музыки открывается новый Концертный зал В Анкаре для меломанов музыки открывается новый Концертный зал В Анкаре для меломанов музыки открывается новый Концертный зал В Анкаре для меломанов музыки открывается новый Концертный зал В Анкаре для меломанов музыки открывается новый Концертный зал В Анкаре для меломанов музыки открывается новый Концертный зал В Анкаре для меломанов музыки открывается новый Концертный зал В Анкаре для меломанов музыки открывается новый Концертный зал В Анкаре для меломанов музыки открывается новый Концертный зал В Анкаре для меломанов музыки открывается новый Концертный зал

Комментарий кошуу

или Войдите чтобы каждый раз не вводить данные.
Для того чтобы добавить новость, необходимо представиться