Eti Bakir Кыргызстанга 180 миллион доллар өлчөмүндө инвестиция салат » MANAS TV
Bişkek www booked net
+10°C
FastDL story saver

Eti Bakir Кыргызстанга 180 миллион доллар өлчөмүндө инвестиция салат



2015-жылы техникалык-экономикалык негиздемесин баштаган Eti Bakir өзүнүн биринчи инвестициясын ишке ашырууда. 180 миллион доллар өлчөмүндөгү инвестициянын эсебинен Терек-Сай айылында салына турган  тоо-кен тармагында иш алып баруучу ишкананын пайдубалын түптөө аземи Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Кубатбек Бороновдун жана башка жогорку даражалуу расмий адамдардын катышуусу менен болуп өттү. Өндүрүштүк мүмкүнчүлүгү жылына 1 миллион тонна алтын чыгарууга белсенген ишкана 2021-жылдын аягында эксплуатацияга берилет.

Түрк тилдүү мамлекеттерде ишке ашуучу инвестициялардын катарын дагы бир жаңы Түрк компаниясы толуктады. Eti Bakir компаниясы тарабынан салынуучу 180 миллион доллар инвестициянын эсебинен Кыргызстанда алтын кени курулат. Терек-Сай айылында болуп өткөн кубаттуулугу жылына 1 миллион тонна алтын өндүрүүчү ишкананын пайдубалын түптөө аземине Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Кубатбек Боронов жана Түркиянын Кыргызстандагы толук ыйгарымдуу элчиси Дженгиз Камиль Фират катышты.

Кыргызстандын экономикасына салым

Eti Bakir компаниясы тарабынан курула турган ишкана өндүрүштүк кубаттуулугу жылына 1 миллион тонна алтын өндүрүү менен Кыргызстандын тоо-кен тармагындагы алдыңкы 5 компаниянын катарын толуктайт. Ишкананы куруу мезгилинде 1000ден ашуун адам иш менен камсыз болуп , ал эми эксплуатацияга берилгенде 650 туруктуу иш орду түзүлөт. Мындан сырткары, Кыргызстандын экономикасына ар тараптуу салымын кошуп, жылына 65 миллион доллар өлчөмүндөгү каражат жумшалат.

“Биз инвестиция салууну улантабыз”

Кыргызстандагы ишмердүүлүгүн 2015-жылдан бери жүргүзүп келе жаткан жана ушул учур аралыгында бир катар тажрыйба топтоого жетишкен Eti Bakir Tereksay LLC компаниясынын Башкы директору Вели Гокдере өз сөзүндө мындан ары дагы башка инвестицияларды уланта тургандыгын билдирди: “Cengiz Holding Европа, Балкан жарым аралындагы, Түрк тилдүү мамлекеттерде энергетика, курулуш, инфраструктура жана транспорт тармактарында бир катар ири долбоорлорду ишке ашырды. Биз турмушка ашырган долбоорлор боюнча дүйнөдөгү алдыңкы компаниялардын катарында болдук. Биздин чоң уюмдун бир бөлүгү болгон Eti Bakir компаниясы Кыргызстандын тоо-кен тармагындагы алгачкы кадамын 2015-жылы таштаган. Бүгүн биз алдын-ала аткарылуучу иштер аягына чыгып, салымдарыбыздын турмушка ашып жатканына кубанып турабыз. Биздин негизги максатыбыз өнөктөш жана бир тууган мамлекет болгон Кыргызстандын пайдалуу кендерин иштетүү, аларды эксплуатациялоого берүү жана мындай аракеттердин аркасы менен Кыргыз элинин байгерчилигин арттыруу болуп саналат”.

“Биздин эң негизги капитал - бул биздин тажрыйба”  

Eti Bakir  компаниясы бай тажрыйбага ээ экендигин баса белгилеп, тоо-кен өндүрүшүндө эң негизги капитал - бул билим жана тажрыйба экендигин Гокдере белгилеп кетти: “Eti Bakir компаниясы рудадан катоддук негизде жезди бөлүп алуучу заводу бар Түркиядагы жападан-жалгыз ишкана. Биздин Түркиядагы жезди кайра иштетүү боюнча ишмердүүлүгүбүз “Калдык калтырбоо” принцибинин негизинде. Биз жогорку квалификациялуу кадрлардын, топтолгон билимдердин, технологиялардын жана тажрыйбабыздын аркасында бир гана Түркиянын эмес, бүтүндөй региондогу ири компанияларынын катарына киребиз. Бул инвестициянын аркасында Кыргызстандын өнүгүүсүнө биздин тажрыйбаны колдонуу мүмкүнчүлүгү ачылып жаткандыгына абдан сыймыктанабыз. Бүгүн биз пайдубалын түптөгөн ишканага салына турган инвестициянын жалпы суммасы 180 миллион долларды түзмөкчү. Биз мындан ары дагы Кыргызстанга өз тажрыйбабызды берүүгө даярбыз жана өлкөгө жаңы инвестицияларды тартууга аракет кылабыз”.

Eti Bakır инвестирует 180 миллионов долларов в Кыргызстан Eti Bakır инвестирует 180 миллионов долларов в Кыргызстан Eti Bakır инвестирует 180 миллионов долларов в Кыргызстан Eti Bakır инвестирует 180 миллионов долларов в Кыргызстан Eti Bakır инвестирует 180 миллионов долларов в Кыргызстан

Комментарий кошуу

или Войдите чтобы каждый раз не вводить данные.
Для того чтобы добавить новость, необходимо представиться